Бүгүн МФТИТ институтунда кафедралар аралык эжекелер арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү

2026-04-21 12:04:49 145

Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, командалар мыкты оюн көрсөтүп, эң мыкты оюнчулар жана командалар аныкталды. Жалпы 7 команда катышты.
Жыйынтыгы:
1-орун — КИИК кафедрасы
2-орун — ИСП кафедрасы
3-орун — ЖМИТ, АГ, матанализ кафедралары
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.
Иш-чаранын уюштуруучулары — институттун профсоюз комитети жана дирекция.
Бардык катышуучуларга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдиребиз!