2026-жылдын 3-апрелинде Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз
Республикасынын Жогорку технологиялар паркы ортосунда кызматташуу боюнча
маанилүү меморандумга кол коюлду.
Иш-чаранын алкагында Жогорку технологиялар паркынын директору Азис
Джумабекович Абакиров, ошондой эле EPAM компаниясынын директору Алмаз
Чаначев баштаган IT тармагынын өкүлдөрү ОшМУга келишти.
Конокторду ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент Уларбек
Дүйшөбекович Молдояров кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу
мүмкүнчүлүктөрү боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Иш-чарага МФТИТ институтунун директору, кафедра башчылары, директордун
орун басарлары жана окутуучулар активдүү катышышты.
![src="https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t64/1/16/1f91d.png"]()
Жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча макулдашууларга жетишилди:
• студенттер, магистранттар жана докторанттар үчүн практика уюштуруу
• тажрыйба алмашуу
• биргелешкен илимий жана IT долбоорлорду ишке ашыруу
Ошондой эле, Азис Джумабекович баштаган делегация ОшМУнун Data борбору
жана Next Generation Hub менен таанышты.
![src="https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/tf4/1/16/2728.png"]()
Бул кызматташтык билим берүү менен IT индустриясынын ортосундагы
байланышты бекемдеп, жаш адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!