Erasmus+ Cyber4CA долбоору алкагында үч күндүк семинар

2026-04-22 02:59:26 141

2026-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Казакстандын Алматы шаарындагы Эл аралык маалыматтык технологиялар университетинде (ЭИТУ) Erasmus+ программасынын Cyber4CA «Борбордук Азиянын санариптик эмгек рыногу үчүн киберкоопсуздук боюнча инновациялык магистрдик окуу программасын иштеп чыгуу» долбоорунун алкагында үч күндүк семинар ийгиликтүү өттү.
Иш-чарага Европа Биримдигинин жана Борбордук Азиянын өнөктөш университеттеринин өкүлдөрү, министрликтердин кызматкерлери жана тармактык эксперттер катышты.
Семинардын алгачкы күнүндө Европа Биримдигиндеги жана өнөктөш өлкөлөрдөгү киберкоопсуздук боюнча билим берүү программалары, CyberLab лабораторияларынын моделдери, заманбап окутуу ыкмалары жана практикалык көнүгүүлөр кеңири талкууланды.
Европалык өнөктөштөр — Мадрид политехникалык университети (UPM), Антверпен университети (UAntwerp), Сант’Анна башкаруу мектеби (SSSA) жана Бухарест политехникалык университети (UNSTPB) — киберкоопсуздук тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларын жана лабораториялык иштерди сунушташты. Бул баяндамалар катышуучуларда чоң кызыгууну жаратты.
Кыргызстан тараптан семинарга Ош мамлекеттик университетинин Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын башчысы Эркебаев Улукбек Зайирбекович, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Манас кызы Бегай жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү катышты. Алар өздөрүнүн практикалык тажрыйбасы жана Кыргызстандын улуттук муктаждыктары менен бөлүштү.
Биринчи күндөн кийин семинарда үч негизги жумушчу топ түзүлдү:
1. Окуу пландарынын мазмунун иштеп чыгуу;
2. Киберлабораториялар жана практикалык окутуу;
3. Саясаттарды шайкеш келтирүү жана институционалдык колдоо.
Жумушчу топтор Европа тажрыйбасын Борбордук Азиянын шарттарына ылайыкташтырып, жаңы магистрдик модулдарды, киберлабораториялардын инфраструктурасын түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды даярдашты.
Семинардын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан сунуштар Борбордук Азия өлкөлөрүндө киберкоопсуздук боюнча магистрдик программаларды жана заманбап лабораторияларды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот жана региондо билим берүүнү модернизациялоого түздөн-түз таасир этет.