СТУДЕНТТИК ФОРУМ

2026-04-22 03:33:53 153

2026-жылдын 29-мартынан 5-апрелине чейин Мухаммад ал-Хоразмий атындагы Ташкент маалымат технологиялары университети тарабынан уюштурулган “The First International Students Forum TUIT-2026” эл аралык студенттик форумга МФТИТ институтунун студенттери катышып келишти.
Аталган форумга Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтунун Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Токторбаев Айбек Мамадалиевич жетектеген делегация жана студенттер Бегиева Э.М., Бекмуратова А.К., Топчубаева А.А. активдүү катышышты.
Форумдун негизги максаты — жаштардын эл аралык кызматташуусун чыңдоо, билим жана тажрыйба алмашуу, инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана келечектеги биргелешкен долбоорлорго негиз түзүү болду.
Иш-чара Ташкент жана Самарканд шаарларында өтүп, ага Европа жана Азиянын 20дан ашуун өлкөлөрүнөн келген студенттер катышты.
7 күндүк программа алкагында катышуучулар:
— эл аралык эксперттердин жана адистердин презентацияларын угушту
— интерактивдүү таанышуу оюндары аркылуу бири-бири менен жакындан байланыш түзүштү
— стартап-хакатонго катышып, командаларга бөлүнүп, ар түрдүү актуалдуу темалар боюнча инновациялык долбоорлорду иштеп чыгышты
— өз долбоорлорун коргоп, жаңы идеяларды сунушташты
— интеллектуалдык оюндар жана спорттук мелдештерде күч сынашты
— маданий иш-чараларга активдүү катышышты
— университеттин заманбап лабораториялары жана инновациялык инфраструктурасы менен таанышышты
— Регистан ансамбли, Шахи-Зинда комплекси сыяктуу тарыхый жайларга экскурсия жасашты
Форумдун жүрүшүндө студенттер жаңы билимдерди өздөштүрүп, эл аралык деңгээлде достук байланыштарды түзүп, команда менен иштөө, лидерлик жана инновациялык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Бул форум жаштар үчүн өз потенциалын көрсөтүүгө, глобалдык ой жүгүртүүнү калыптандырууга жана келечектеги кызматташууга бекем негиз түзгөн маанилүү аянтча болду.
Өзгөчө терең ыраазычылык билдиребиз Мухаммад ал-Хоразмий атындагы Ташкент маалымат технологиялары университетинин жетекчилигине жана уюштуруучуларына — жогорку деңгээлде уюштурулган, мазмундуу жана унутулгус форум үчүн. Сиздердин эмгегиңиздер жаштардын өнүгүүсүнө кошкон зор салым болуп саналат.
Жыйынтыгында, катышуучулар алган билимдерин жана тажрыйбаларын мындан ары илимий, билим берүү жана инновациялык ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонууга даяр экендиктерин белгилешти.