ИСП кафедрасынын илим жумалыгындагы ийгиликтери

2021-04-30 17:02:13 767

2021-жылдын 26-29-апрелдеринде МИТ факультетинде өткөзүлгөн илим жумалыгына карата ИСП кафедрасында төмөнкү иш-чаралар пландаштырылып өткөзүлдү:

1) 26-апрелде «Информациялык системалар жана программалоо» деп аталган V секциянын иши уюштурулду. Конференцияда кафедранын окутуучуларынын 4 баяндамасы жана алардын жетекчилигинде студенттердин 10 илимий баяндамалары жасалды.

2 ) 28 – апрель, 11-00, 328-ауд. ИСТ(б)-1-20, ИСТ(б)-2-20, ИСТ(б)-3-20, ИСТ(б)-4-20, ПОВ(б)-2-20 группаларынын арасында “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы өткөзүлдү.

Өткөзүлгөн илим жумалыгына активдүү катышкан студенттер жана “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү кафедранын ардак грамоталары, дипломдору жана белектер менен сыйланышты.

V секциянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган студенттик баяндамалардын ортосунда “Мыкты студенттик баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, орундар төмөнкүдөй болду:

I даражадагы диплом:

1. Өмүрзак кызы Канышай – “Java тилинде объектке багытталган программалоо мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп берүү” (ИСТ(б)-1-20 тайпасынын студенти, жетекчи: Көчкөнбаева Б.О., доцент)

2. Арапов Нурали Джигиталиевич – “Дистанттык окутууда Web Tutor системасы” (ИСТ (б)-1-18 тайпасынын студенти, жетекчи: Айтбай кызы Айгүл, доцент)

II даражадагы диплом:

1. Ташполотова Мээрим Жанболотовна “Применение ГИС технологий при обработке пространственной информации” (ИСТ(б)-3-18Р тайпасынын студенти, жетекчи: Абдугулова Г.С., улук окутуучу)

2. Орозбаев Элмарбек Толкунович “Ньютон-Котестин сандык интегралдоо формуласы” (ИСТ(б)-3-20 тайпасынын студенти, жетекчи: Төлөбаева К.А., улук окутуучу)

III даражадагы диплом:

1. Орозова Сайкал Эрмаматовна Интерактивдик доска менен иштөө” (ФМОИ(б)-1-19 тайпасынын студенти, жетекчи: Токторбаев А.М., доцент)

2. Маматкадыр уулу Шайырбек – “Электрондук китепкананы дистанттык окутууда пайдалануу жана анын артыкчылыктары” (ИСТ(б)-2-19 тайпасынын студенти, жетекчи: Пакал уулу Долонбек, окутуучу)

Ал эми баяндама жасашкан калган бардык студенттер илим жумалыгына активдүү катышкандыктары үчүн кафедранын ардак грамотасы менен сыйланышты.

3) 29-апрель, 13-00, КАЗ, илим жумалыгынын жабылышы болду. ИСП кафедрасынын мыкты баяндамачы студенттери, “Мыкты дубал гезити” конкурсунун жеңүүчүсү болушкан группалар жана ИСП кафедрасынын ИИИ боюнча координатору С. Тажикбаева деканаттын дипломдору, алкыштары менен сыйланышты.