Ош мамлекеттик университети дүйнөнүн алдыңкы окуу жайлары, изилдөө борборлору жана билим берүү уюмдары менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Институт математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар (ИМФТиИТ) эл аралык академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары, илимий долбоорлор жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу багытында активдүү иш алып барат. Институттун ачык билим берүү чөйрөсү, академиялык натыйжалуулукка багытталган стратегиясы жана заманбап инфраструктурасы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түзөт.
ИНСТИТУТТУН МАКСАТЫ – студенттерге дүйнөлүк стандарттарга туура келген, сапаттуу жана актуалдуу билим берүү, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү жана эл аралык академиялык мейкиндикке интеграциялануусуна өбөлгө түзүү.
| № | Окуу жай | Расмий сайт |
|---|---|---|
| 1 | Л.Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университети | enu.kz |
| 2 | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети | knu.kg |
| 3 | Евразия технологиялык университети (Алмата) | etu.edu.kz |
| 4 | Кыргыз – Түрк “Манас” университети | manas.edu.kg |
| 5 | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети | kstu.kg |
| 6 | Беже университети (Корея) | wsu.ac.kr |
| 7 | Помор мамлекеттик университети (Польша) | up.edu.pl |
| 8 | Пуатье университети (Франция) | univ-poitiers.fr |
| 9 | Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети | tdpu.uz |
| 10 | Андижан мамлекеттик университети | adu.uz |
| 11 | Өзбекстан улуттук университети | nuu.uz |
| 12 | Самарканд мамлекеттик университети | samdu.uz |
| 13 | Фергана политехникалык институту | ferpi.uz |
| № | Окуу жай | Саны | Мөөнөтү |
|---|---|---|---|
| 1 | Л.Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университети | 12 | 1 семестр |
| 2 | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети | 2 | 1 семестр |
| 3 | ТОО Евразия технологиялык университети Алмата | 1 | 1 семестр |
| 4 | Кыргыз–Түрк “Манас” университети | 1 | 1 семестр |
| 5 | И. Раззаков атындагы КМТУ | 2 | 1 семестр |
| 6 | Беже университети, Корея | 1 | 1 семестр |
| 7 | Помор мамлекеттик университети, Польша | 2 | 1 семестр |
| 8 | Пуатье университети, Франция | 1 | 1 семестр |
| 9 | Низами атындагы Ташкент МПУ | 17 | 1 ай |
| 10 | Андижан мамлекеттик университети | 2 | 1 ай |
| 11 | Өзбекстан улуттук университети | 5 | 1 ай |
| 12 | Самарканд мамлекеттик университети | 3 | 1 ай |
| 13 | Фергана политехникалык институту | 28 | 1 жума |
| Жалпы | 77 |