2023-жылдын 28-февраль күнү ОшМУнун математика жана информациялык
технологиялар факультетинин информациялык системалар жана программалоо
кафедрасынын улук окутуучусу
Абдирайимова Назигай Абдинабиевна
ф.-м.и.д.,профессор Искандаров Самандардын жетекчилиги астында 01.01.02 –
дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу
багыты боюнча 05.22.651 диссертациялык кеңешинде
“Кошумча ядролор методу жана вольтерралык интегро-дифференциалдык
теңдемелердин чыгарылыштарынын жарым октогу асимптотикалык касиеттери”
деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп алуусу менен
чын дилибизден куттуктайбыз!
Назигай Абдинабиевнага бекем ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат,
үй-бүлөлүк бакыт жана мындан кийинки илимий, окуу-усулдук иштеринде
чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!