2023-жылдын 28-февраль күнү ОшМУнун математика жана информациялык
технологиялар факультетинин информациялык системалар жана программалоо
кафедрасынын окутуучусу
Абдумиталип уулу Кубатбек
ф.-м.и.к.,доцент Асылбеков Таалайбек Дүкөнбаевичдин жетекчилиги астында
01.01.02 –дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана
оптималдык башкаруу багыты боюнча Д 05.22.651 диссертациялык кеңешинде
“Төртүнчү тартиптеги аралаш парабола-гиперболикалык теңдемелер үчүн чек
аралык маселелер” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү
коргоп алуусу менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Абдумиталип уулу Кубатбекке бекем ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат,
үй-бүлөлүк бакыт жана мындан кийинки илимий, окуу-усулдук иштеринде
чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!