ОшМУнун МФТИТ институтунда ишембилик өткөрүлдү.

2026-04-15 09:19:17 168

ОшМУнун МФТИТ институтунда ишембилик өткөрүлдү. 2026-жылдын 28-март күнү ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар (МФТИТ) институтунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган «Жазгы үч айлык» акциясынын алкагында кезектеги ишембилик уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө Сулайман-Тоо аймагын, институттун айланасын, окуу корпустарын жана кабинеттерди ирээтке келтирүү, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ишембиликке графиктин негизинде студенттер активдүү катышып, бул жолку иш-чарага жалпысынан 57 тайпа тартылды. Мындай тазалык иш-чаралары ар жуманын ишемби күндөрү үзгүлтүксүз өткөрүлүп, шаарыбыздын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү максатын көздөйт.