МИТ факультетинин студенттери БатМУда өткөрүлгөн студенттердин V аймактык олимпиадасында

2016-04-15 10:48:44 6067

МИТ факультетинин студенттери БатМУда өткөрүлгөн студенттердин

V аймактык олимпиадасында 1-орунду ээлешти

МИТ факультетинин студенттери 2016-жылдын 9-апрелинде БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун базасында өткөрүлгөн студенттердин V аймактык олимпиадасында 1-орунду ээлешти.

Олимпиадага 12 окуу жайдан 700гө жакын студенттер катышышып, предметтик жана адистик боюнча билимдерин сынашты. МИТФнын 8 студентти олимпиадада байгелүү орунду ээлешип, жалпы командалык эсепте 1-орунга татыктуу болушту.

Факультеттин командаларынын жетекчилери Н. Аркабаев, У. Молдояров жана А. Акматовдордун студенттерди олимпиадага мыкты даярдаганынын натыйжасында студенттерибиз олимпиадага жогорку уюшкандыкта катышышып, жеңиш менен кайтып келишти.

Ф.А.А.

Тайпасы

Ээлеген орду

Информатика предмети боюнча (профиль)

Жетекчиси: ИТАС каф. улук окутуучусу Молдояров Уларбек

1

Абдуллаев Темирлан

ИСТ(б)-1-14 (2-курс)

I

2

Ибрагимов Рахматулло

ПОВ(б)-1-14Р (2-курс)

I

Алгоритм тилдери жана программалоо (адистик боюнча)

Жетекчиси: Программалоо каф. улук окутуучусу Аркабаев Нуркасым

1

Султанбеков Максатбек

ИСТ(б)-1-13 (3-курс)

I

2

Валижанов Дониербек

ПОВ(б)-1-13 (3-курс)

I

3

Маматалиев Жаныбек

ПОВ(б)-1-12 (4-курс)

I

Математика предмети боюнча (профиль)

Жетекчиси: Матанализ каф. улук окутуучусу Акматов Абдилазиз

1

Бакыт кызы Сирень

МК(б)-1-13 (3-курс)

I

2

Маматова Айдана

МК(б)-1-14Р (2-курс)

III

Кыргыз тили боюнча

Жетекчиси: Мамлекеттик тил каф.окутуучусу Айтибаева Жыпаргул

1

Байгазиева Каныкей

ИСТ(б)-1-15 (1-курс)

I