МИТ факультетинде иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол болуп өттү

2017-04-24 17:38:16 3269

2017-жылдын 11-апрелинде “Математика” магистрдик багыты боюнча алгебра жана геометрия кафедрасында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты:

- иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды “Математика” магистрдик багытынын негизги билим берүүнүн программасы, окуу планы жана жумушчу окуу планы менен тааныштыруу;

- иштеп жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн билгилик сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн пикирин угуу;

- иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн иш процессинде кезиктирген кыйынчылыктары жөнүндө пикирлерин угуу;

Максатка ылайыктуу коюлган суроолордун үстүнөн чакан топтордо иштөө, тегерек столдун катышуучуларынын эркин пикир алышуусу болду.