А. Орозбаева

Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУнун кесиптик колледжинде Айнагул Орозбаева конок лекцияда.

2024-жылдын 18-апрель күнү кафедранын улук окутуучусу Орозбаева Айнагул Асланбековна Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжине барып "Физика...Кечээ, бүгүн жана эртең" деген темада конок лекция өтүп, бүгүнкү күндөгү физиканын жашоодогу орду, өнүгүүсү жөнүндө баяндап, ошондой эле физиканы үйрөнүү үчүн мастер- класс өтүп келди. Жыйынтыгында аталган кесиптик колледжинин директору жана жамааты тарабынан ыраазычылык билдирип, дагы да семинар өтүп берилүүсү суралды.

Конок лекция

Конок лекция. 2026- жылдын 11- мартында ЭТФ кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. А. А. Орозбаева Ош шаарындагы " Мурас" инновациялык колледжине "Физикалык ачылыштар- заманбап технологиялык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү" темасында конок катары чакырылып, студенттерге лекция окуп келди. Окулган лекция бүгүнкү күндөгү физикалык илимий изилдөөлөрдүн актуалдуулугу, келечектеги технологиянын өнүгүүсүнө кошкон салымы боюнча студенттердин арасында кызуу талкуу жаратып, абдан жемиштүү болду. Жыйынтыгында аталган колледждин директору А. Караев лекторго алкышын айтып, ыраазычылык кат менен сыйлады.