Германияга иш сапар.
ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к.,доцент М. Ч. Осконбаев Германиянын ZOZ - илим изилдөө борборуна 20- июндан 20- июлга чейин мобилдүүлүк боюнча илимий стажировкага кетип жатат.
Илимий иш сапар.
ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М. Ч. Осконбаев академик Аманбек Жайнаковдун 85 жылдыгына арналган жана " А. Жайнаков атындагы маалыматтык технологиялар жана системалар" кафедрасынын 30 жылдыгына арналган эл аралык илимий форумга катышып, пленардык отурумда " Түштүк Кыргызстандагы академик Аманбек Жайнаковдун илимий мектебинин окуучуларынын илимий изилдөөлөрү " - деген темада баяндама жасап келди. Илимий форум ушул жылдын 27-28- октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде болуп өттү.