2024-жылдын 13-марты күнү Математика, физика , техника жана информациялык технологиялар институтунун 207-аудиториясында ф.-м.и.д., профессор Ысламидин Ташполотовдун жетекчилигинде илимий семинар болуп өттү. Бул семинарда аспирант С. Тажикбаева "Композиттик отундардын күйүү процессин математикалык моделдештирүү" деген темада доклад жасады. Доклад катышуучулардын кызыгуусун жаратты жана жеткиликтүү жасалды. Доклад чоң талкуу менен өттү. Семинардын жыйынтыгында С.Тажикбаеванын илимий иштерине ийгиликтер кааланып кийинки семинарда жасалуучу докладчылар аныкталды. Семинар 1 айда бир болуп турат. Катышууну каалоочуларга дайыма эшик ачык.
Семинарга Ош технологиялык университетинин, Эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин, Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктары инстинутунун жана Ош мамлекеттик университетинин илимпоздору катышты.
Ош мамлекеттик университетинен ЭТФ кафедрасынын доценти, т.и.к. Садыков Э, аспиранттар Жапаркулов А, Маматов Э, Ибраимов Т, Толонбаева К., Токторбаева Г;, Эл аралык Кыргыз-Өзбек университетиниден кафедра башчысы, т.и.к., профессор Омурбекова Г.К., ага окутуучусу Ормонова Э., каф. башчысы Акназар уулу Кадырбек, Ош технологиялык университетинен кафедра башчысы т.и.к. Абдраева Н., доцент Эркинбаева Н., аспиранттар Осекова Г., Салиева М., Улуттук илимдер академиясынын Жаратылыш байлыктары институтунан лаборатория башчысы Сабиров Б., аспирант Эркинбаева К. ж.б. катышышты.
Акназар уулу Кадырбек
Кандидаттык диссертацияны талкулоо
12-майда ОшМУнун аспиранты Абдимуталипова Зейнура Каныбековнанын » Численное моделирование струйных турбулентных течений»- деген кандидатык диссертациясы ЭТФ кафедрасында талкуудан өттү . Илимий жетекчиси ф.-м.и.д., доцент Курбаналиев А.Ы. талкуунун жыйынтыгында Абдимуталипова Зейнура Каныбековнанын Численное моделирование струйных турбулентных течений»- деген кандидатык диссертациясы коргоого сунушталды.
ЭТФде илимий семинар.
2026- жылдын 12- март күнү саат 13:10до 209 лекциялык каанада кафедранын кезектеги илимий семинары болуп өттү. Семинарда ЭТФ кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., профессор Ысламидин Ташполотов " Жогорку өткөрүмдүүлүк: кечээ, бүгүн жана эртен" -деген темада болуп өттү. Энергияны үнөмдөөнү жана каршылыксыз өткөргүчтү табуу 100 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Семинарга ЭТФ кафедрасынын жамааты, магистранттар, PhD - докторанттар жана жогорку курстун студенттери активдүү катышты. Суроо - жооп менен катар, талкуудагы болду.