Мен, Маматбек кызы Мадина, 2007-жылы 13-августта жарык дүйнөгө келгем.
2014-жылы Сагындык атындагы орто мектебине кабыл алынып, 2025-жылы бул билим уясын ийгиликтүү аяктадым.
Мектеп жылдарында билим алууга гана эмес, коомдук иштерге жана чыгармачылыкка активдүү катышып келдим.
«Музей активисттери», «Таң булбулу» жана комуз ийримдерине катышып, маданий жана руханий баалуулуктарды тереңирээк өздөштүрдүм.
Бош убактымды чыгармачылыкка арнап, ойлорумду ыр аркылуу жеткиргенди жактырам.
Волейбол ойноону жактырам. Бул мага тартипти, жоопкерчиликти жана биримдикти үйрөттү.
Келечекте мугалим болууну максат кылам. Жаш муунга сапаттуу билим берип, алардын инсан болуп калыптанышына салым кошкум келет.
Академиялык профиль
Мен, Жумабаева Айназик Нурмухамедовна, 2009-жылы 2-январда Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулгам.
2014-жылы Тажибай атындагы жалпы билим берүү мектебине окууга кабыл алынып, 2025-жылы кызыл аттестат менен ийгиликтүү аяктадым.
ОРТ жыйынтыгы: 184 балл.
Максатым — жогорку билим алып, келечекте өз тармагымда мыкты адис болуу.
Академиялык профиль
Мен, Искендерова Нурила Сталбековна, 2008-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылында туулгам.
2015-жылы 1-класска барып, мектептик билим алууну баштадым.
2024-жылы математика сабагы боюнча олимпиаданын базалык турунда жогорку жыйынтык көрсөттүм.
2025-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырдым.
Максатым — сапаттуу билим алып, келечекте өз тармагымда мыкты адис болуу.