Олимпиада

Райондук предмет боюнча олимпиада.

ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М. Ч. Осконбаев жана улук окутуучусу А. А. Орозбаева Ноокат районунда 11-12- февралда болуп өткөн предметтер боюнча окуучулардын райондук олимпиадасына төрага ( М. Осконбаев) жана мүчө ( А. Орозбаева) болуп келишти. Физика предмети боюнча 6 тереңдетилген 25 базалык негизде 31 окуучу катышты. Текшергенден кийин апелляциялык арыздарды дагы карап чыгышты.

Областтык олимпиада.

2026- жылдын 27-28- февраль күндөрү Ош шаарындагы У. Салиева атындагы жалпы билим берүү мектепте Ош областтык предметтер боюнча олимпиада болуп өттү. ЭТФ кафедрасынын башчысы ,доцент М. Ч. Осконбаев олимпиадада төраганын орун басары болуп катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 30%дан жогору алган окуучулар гана грамота алып орун берилди. Базалык мектептен 1- орунду ээлеген, Ноокат району М. Гапаров атындагы орто мектебинин 10- классынын окуучусу Юнусов Тейитбек.Тереңдетилген мек. 1- орунду алган Карасуу району, СТАР билим берүү мекемесинин 11- классынын окуучусу Ашимжанова Аяна.