2026-жылдын 4-март күнү ИСП кафедрасынын окутуучулары Капарова Айпери жана Акжол уулу Нурболот өндүрүштүк практика өтөп жаткан ИСТ адистигинин студенттеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Ош шаарындагы И. Раззаков көчөсү, 15а дарегинде жайгашкан КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Оштогу филиалы мекемесине барып кайтышты.
Иш сапардын жүрүшүндө студенттердин практика өтөө шарттары, аткарып жаткан жумуштары жана кесиптик көндүмдөрүнүн калыптанышы каралды. Окутуучулар алардын теориялык билимдерин практикада натыйжалуу колдонуп жатышканын белгилешти.
Ошондой эле мекеменин практика жетекчилери студенттер өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, адистерден кем калышпай иш алып барып жатышканын айтышып, кафедрага ыраазычылыктарын билдиришти.
⬅ Листайте вправо или влево ➡