Лучшие студенты



2025-жылдын 28-ноябрь күнү Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңрген ишмер, Эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков атындагы стипендия ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттер арасында конкурс жарыяланып, конкурста ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студентти Зергербаева Данакер өзүнүн ар тараптуу мыктылыгын көргөзүп, Каныбек Исаков атындагы стипендиясына ээ болду.






2024-жылдын 22-апрель күнү Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "Математиканын, физиканын, техниканын жана информациялык технологиялардын актуалдуулугу жана физика, математика, информатика мугалимлерин даярдоодогу акыркы тенденциялар" аталышындагы илим жумалыгында А. Эгемназарованын жетекчилиги астында мыкты баяндама жасап 2-орунду ээлегендиги үчүн ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенти Апсаматова Тумариза 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

Студенттик олимпиада       

2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багыныдырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.





Студенттер арасында өткөрүлгөн "Кыргызстандын мыкты студенти - 2023" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү, Ош мамлекеттик университетинин Физика-техника факультетиниин студенттери Апсаматова Тумариза жана Кубатбек кызы Уулкан дипломдор менен сыйланышты.