КОНОК ЛЕКЦИЯ

МФТИТ институтунун Энергетика кафедрасынын 750100-"АРХИТЕКТУРА " адистигине конок лекция окулду. Конок лекция Архитектура жана курулуш тармагындагы картография, геодезиялык маалымат системалары жана жерди аралыктан зонддоо тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана инновацияларды талкуулоо жана илимий-практикалык адистердин ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле санариптештирүү жана технологияны тез өнүктүрүү шартында заманбап картография жана геоинформатика алдында турган милдеттерди чечүү үчүн жаңы ыкмаларды жана чечимдерди табууга багытталды. Бул конок лекцияга ОшМУ нун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун, агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти, т.и.к. Абжапарова Динара Амалбековна лекция окуп, геодезия, картография, ГИС, аралыктан зонддоо архитектура жана курулуш тармагында өтө маанилүү жана керек экендигин баса белгилеп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Бүгүнкү лекция студенттер үчүн абдан маанилүү өттү..