PhD докторантурага талапкерлер.
2026- жылдын 9- октябрь күнү ЭТФ кафедрасында 510400 " Физика " программасы боюнча PhD докторантурага тапшыруучулар үчүн кирүү экзамени уюштурулду. 10- октябрь күнү " Конденсацияланган заттардын физикасы" - багыты боюнча эки талапкер кирүү экзаменин тапшырышты. Алар Райымкул уулу Жакшылык жана Таштанбек кызы Айзирек. Кабыл алуу комиссиясына ЭТФ кафедрасынын профессору Ы. Ташполотов жана ЭТФ кафедрасынын доценттери: М. Ч. Осконбаев жана Э. Садыков мүчө болуп кабыл алууну уюштурушту. Жыйынтыгында эки талапкер тең кабыл алуу экзамендеринен ийгиликтүү өтүшүп, PhD докторантурага сунушталышты.


