Социально-воспитательное, культурное и спортивное мероприятие

МФТИТ институтунда 23-февраль — Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган бильярд турнири ийгиликтүү өттү. Турнирдин жүрүшү боюнча окутуучулар 45 жашка чейин жана 45 жаштан жогоруку болуп ойношуп, мыктылар аныкталды. Кафедрабыздан Сактанов Улук агай жана Аркабаев Нуркасым агайлар 45 жаштан жогорку категорияда ойноп мыкты оюн көрсөтүштү

⬅ Листайте вправо или влево ➡

Жыйынтыгы:

1-орун – Токторбаев Айбек

2-орун – Пакал уулу Долонбек

3-орун – Ормонов Темирлан

Мыкты оюнчу – Абдумиталип уулу Кубатбек

2022-жылдын 25-ноябрында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында факультеттер аралык "Тогуз коргоол" оюну боюнча спартакиада болуп өттү.

МИТ факультетинин намысын коргоо үчүн ИСП кафедрасынын улук окутуучусу Омаралиева Гулбайра Абдималиковна жана кафедранын окутуучусу Маткалык кызы Кымбат катышып, 1-орунду багындырышты.

14-февралда МФТИТ институтунда кафедралар аралык эжекелер арасында Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасы тарабынан волейбол турнири уюштурулду.

⬅ Листайте вправо или влево ➡

Натыйжада, ИСП кафедрасы 3-орунду ээледи! Ошондой эле, ИСП кафедрасынын окутуучусу Мамаджанова Кылымгүл Маматовна “Мыкты чабуулчу” наамына ээ болуп, өз чеберчилигин көрсөттү!