Менин университетим — менин сыймыгым
Менин университетим — бул билим алган жай гана эмес, бул өсүп-өнүгүүнүн, мүмкүнчүлүктөрдүн жана келечекке карай ишенимдүү кадамдардын очогу. Дал ушул жерде менин кесиптик билимибиз калыптанып, дүйнө таанымыбыз кеңейет.
Университетте тажрыйбалуу окутуучулар менен катар активдүү студенттер да иш-чараларга кеңири катышып, илимий, маданий жана спорттук жашоону жандандырып турушат. Ар кандай сынактар, көргөзмөлөр, майрамдык иш-чаралар студенттердин демилгеси жана катышуусу менен өтүп, алардын чыгармачылыгын жана уюштуруучулук жөндөмүн өнүктүрөт.
Өзгөчө майрамдарда жана коомдук иш-чараларда студенттер биримдикте болуп, улуттук баалуулуктарды даңазалап, университеттин аброюн көтөрүп келишет. Мындай ынтымактуу чөйрөдө окуу — чоң бакыт.
Ошондуктан мен сыймыктануу менен айта алам:
МЕНИН УНИВЕРСИТЕТИМ — МЕНИН СЫЙМЫГЫМ!