Иш-чаралар

Нооруз - Көктемдин жаңырыгы

Нооруз майрамы

Көктемдин жаңырыгы, жаңы жылдын башталышы, жашоонун жаралуусу

Улуттук тамактар

Көргөзмөдө сүмөлөк, боорсок, курут, чучук сыяктуу даамдар коюлуп, алардын тарыхы жана жасалышы тууралуу маалыматтар берилди. Ар бир тамактын өзүнүн дареги, даярдоо ыкмалары жана майрамдардагы ролу жөнүндө кызыктуу маалыматтар менен тааныштыруу иш-чаранын байытып, катышуучуларды кызыктырды.

Сүмөлөк
Боорсок
Курут
Чучук

Улуттук кийимдер

Ошондой эле ар түрдүү улуттук кийимдер көрсөтүлүп, алардын кооздугу, оймо-чиймелеринин мааниси көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Кийимдердин ар бир элементтеринин мааниси, колдонулган материалдар жана алардын жасалыш өзгөчөлүктөрү жөнүндө деталдуу түшүндүрмөлөр берилди.

Калпак
Чапан
Элечек
Оймок

Маданий мурас

Бул иш-чара студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматын күчөтүп, биримдикти жана маданий мураска болгон жоопкерчиликти даңазалады. Нооруз майрамы аркылуу жаңы жылдын башталышын белгилеп, табияттын кайра жаралуусун, жаңырыгын белгилеген кыргыз элинин бай салттары жаштарга жеткирилди.

Ыр-бийлер
Оозеки мурас
Салттуу оюндар
Тарыхый байлык

Майрамдын таасири

Нооруз майрамына карата университетте да өзгөчө шаңдуу иш-чаралар уюштурулуп, майрамдык маанай жаратылды. Анын алкагында улуттук тамак-аштардын жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү өткөрүлүп, катышуучулар кыргыз элинин бай маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

نوروز

"Маданий мурас - элдин жүрөгү, тарыхынын эстелиги жана келечегинин негизи"

Нооруз майрамы 2023 | Кыргыз элинин бай маданиятын сактоо жана өнүктүрүү