Чыгуу
  • Дүйшөмбү - Ишемби (9:00 - 17:00)

    Эс алуу - Жекшемби
  • Почта

    mftit@gmail.com
  • Байланыш

    +996 772 499 996

550200 Физика-математикалык билим берүү: Физика

Профессордук-окутуучулук курамы  Шилтеме

 

 

 

 

НББПнын максаттары

НББПнын максаттары

 

1. Окутуу аймагындагы максат:

Кесиптик ишмердикте азыркы билим берүүчүлүк технологияларды эффективдүү колдонууга жөндөмдүү бакалаврды физика-математикалык билим берүү аймагында физика профили боюнча комплекстүү жана сапаттуу даярдоо

 

2. Тарбиялоо аймагындагы максат:

Студенттердин социалдык-личносттук: максатка умтулуучулук, уюшкандык, жоопкерчиликтүүлүк, жарандык, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук ж. б. сапаттарын өнүктүрүү, алардын жалпы маданиятын, үзгүлтүксүз билим берүү жана өз алдынча билим алуу алкактарында кесиби боюнча өзүн өзү реализациялоого жана өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулуусун жогорулатуу.

Окутуунун натыйжалары

 

НББПны өздөштүргөн бүтүрүүчү :

 

1.Курчап турган дүйнө жөнүндөгү илимий билимдердин бүтүн системасына ээлик кылат, анын ичинде фундаменталдык физикалык закондордун жана теориялардын, физиканын техника менен байланышынын маани-маңызын, жашоодогу ролун түшүнөт, аталган билимдерге баа берип, аларды пайдалануу жана өнүктүрүү жөнүндөгү өз пикирин, мында физика аймагындагы илимий изилдөөлөргө катышууга да даяр экендигин, жарандык активдүү өңүттѳ (позицияда) тургандыгын, башка адамдарга аларды сыйлоо менен толеранттуу мамиле жасагандыгын кѳрсѳтүп, оозеки жана жазма сөздө илимдеги, билим берүүдөгү азыркы тенденцияларды эске алуу менен логикалык жактан туура, жүйөөлүү, даана баяндап бере алат.

2.Маалымат менен иштөөнүн негизги усулдарына, ыкмаларына жана ыктарына ээ, компьютердик каражаттарды пайдалана алат; кесиптик рефлексия жүргүзүп ѳздүк кесипкөйлүк даражасын өзү баалай алат жана мугалимдин кесипти-методикалык чеберчилигин талыкпай өркүндөтүп туруусу зарылдыгын түшүнөт. Жаңы билимдерди маалыматтык технологиялардын жардамында алып жана колдонууга, эмгек рыногунун өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашууга, кесиптик ишмердүүлүктѳ ишкердик билимдер менен көндүмдөрдү пайдаланууга жөндөмдүү.

3.КРда жалпы мектептик билим берүүнү стандартташтыруунун негизги жоболорун билет; мектептик физика курсу боюнча окуу-тарбиялык процессти пландаштыра алат жана ушул курстун окуу материалын илимий-методикалык жактан талдай алат; түрдүү типтеги жана түрдөгү физика сабактарын учурда жүзѳгѳ ашырылып жаткан программаларга ылайык долбоорлоого, аларды окутуунун эффективдүү формаларын, методдору менен каражаттарын, анын ичинде окутуунун интерактивдүү формаларын, методдорун пайдаланып жүзөгө ашырууга жөндөмдүү. Билим берүүчүлүк программаларды өз алдынча тандай алат жана аларды керектүү дидактикалык материалдарды тандап адаптациялап, окуу процессинде педагогикалык рефлексиянын негизинде пайдаланууга даяр.

4.Мектептик окуу физикалык экспериментин ага коюлуучу талаптарга ылайык жүргүзѳ алат, заманбап маалыматтык технологияларды пайдаланып видеодемонстрацияларды жана компьютердик моделдерди демонстрациялоого даяр. ЖОЖдук жана мектептик физика курстары боюнча маселелерди чыгара алат жана окуучуларга мектептик физика курсу боюнча маселелерди чыгарууну үйрөтүүгө, аларды физикалык олимпиадаларга даярдоого, физика-техника боюнча изденүүчүлүк иштерге тартып, ушул багыттардагы кесиптерге багыттоого, физикага жана техникага арналган класстан тышкаркы иштерди (кечелерди, ийримдерди ж. б.) уюштурууга жөндөмдүү.

5.Билим берүү процессинде психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүгүн көрсөтө алат жана педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонууга даяр; билим берүүнүн жыйынтыктарын алдын ала божомолдой алат жана мониторинг өткөрүп, окуучулардын жетишкендиктерин объективдүү баалай алат. Билим берүүчүлүк процесстин оптималдуу педагогикалык шарттарын камсыздоого мүмкүндүк берүүчү чөйрөнү туруктуу өнүгүү үчүн инсандыкка багыттап окутуунун принциптерине шайкеш түзүп калыптандырууга жөндөмдүү.

6.Педагогикалык-психологиялык жана кесиптик-методикалык илимий билимдердин маани-маңызын түшүнөт, ѳзүнүн болочок кесибинин социалдык маанилүүлүгүн баамдайт жана келечекте өз адистиги боюнча иштөөнү каалайт; физика-математикалык билим берүү аймагындагы илимий изилдөөлөргө катышууга кызыкдар. Билим берүүдѳ жеке тараптардын же тайпалардын кесиптик ишмердиктеги максаттарга жетүүсүнѳ шарт түзүүгѳ, физика боюнча билим берүүчүлүк аймактагы маданий-агартуучулук мүнөздөгү маселелерди аныктай алууга жана чечүүгѳ жөндөмдүү.

НББП калыптандыруучу компетенциялар

 

НББПны өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкү компетенцияларга ээ болот :

 

а) Универсалдык компетенциялар (УК)

Жалпы-илимий (ЖИК)

ЖИК-1: Курчап турган дүйнө жөнүндөгү илимий билимдерди сынчыл баалоого жана пайдалана алууга, жашоонун жана маданияттын баалуулуктарында багыт алууга жөндөмдүү, ошондой эле жарандык активдүү өңүттү (позицияны) ээлөөгө, адамдарга сыйлоо менен мамиле жасоого жана толеранттуулукту көрсөтүүгө жөндөмдүү.

 

Инструменталдык(ИК)

ИК-1: Мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин биринде жумуш жана окутуу аймагында кызмат-иштик баарлашуу жүргүзө алууга жөндөмдүү.

ИК-2: Кызмат-иштик жана окутуу аймагындагы татаал көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы билимдерди маалыматтык технологияларды пайдалануу жолу аркылуу алууга жана колдонууга жөндөмдүү.

ИК-3: Кесиптик ишмердүүлүктѳ ишкердик (предпринимателдик) билимдерди жана көндүмдөрдү пайдаланууга жөндөмдүү.

Социалдык-личносттук жана жалпы-маданий(СЛЖМ К)

СЛЖМК-1: Жеке тараптардын (адамдардын) же тайпалардын кесиптик ишмердиктеги максаттарга жетүүсүн камсыздоого жөндөмдүү.

б) Кесиптик комптенциялар (КК)

КК-1: Кесиптик маселелерди чечүү үчүн психологиялык-педагогикалык компетенцияларды пайдаланууга даяр жана кесиптик ишмердикте педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын пайдаланууга даяр.

КК-2: Методикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмаларына (окутуунун моделдери, методлору, технологиялары жана ыктары) ээлик кылат жана окутуунун сапатын баалоо технологияларын колдонууга жөндөмдүү.

КК-3: Билим берүүчүлүк процесстин оптималдуу педагогикалык шарттарын (сергек жашоо, жаратылышты коргоо жана жаратылышты рационалдуу пайдалануу, энергоэффективдүүлүк, маданий көп түрдүүлүк, гендер, инклюзия ж. б.) туруктуу өнүгүү үчүн инсандыкка багыттап окутуунун принциптерине шайкеш калыптандырууга жөндөмдүү.

КК-4: Окуп үйрөнүүчүлөрдү социалдаштыруунун методдору менен ыктарына ээлик кылат жана окуп үйрөнүүчүлөрдүн өзүн өзү инсандык аныкташы үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү.

КК-5: Билим берүүчүлүк программаларды өз алдынча тандай алат, аларга дидактикалык материалдарды тандай билет жана адаптациялагандан кийин аларды окуу процессинде педагогикалык рефлексиянын негизинде пайдалана алат.

КК-6: Предмет (предметтер) боюнча окуу сабактарын программанын темаларынын жана бөлүмдөрүнүн спецификасын эске алуу менен жана окуу планына ылайык пландаштырууга жөндөмдүү.

КК-7: Жүргүзүлгөн кесиптик рефлексиянын негизинде өздүк өнүгүү боюнча милдеттерди коё билет.

КК-8: Педагогикалык ишмердикти окутуунун интерактивдүү формаларын жана методдорун анын ичинде (CLIL) тилди пайдалануу менен жүзөгө ашырууга жөндөмдүү.

КК-9: Окуучулардын түрдүү аймактардагы өнүгүү (акыл, социалдык, моралдык ж. б.) деңгээлин диагноздой алат жана тиешелүү түрдө, ар кандай негативдүү таасирлерге (зомбулук, баңгизаттарды жана алкоголду колдонуу ж. у. с.) жол бербөө үчүн алдын алуучулук-профилактикалык иш жүргүзө алат.

КК-10: Окуу-тарбиялык процесстин сапатын камсыздоо үчүн окуп үйрөнүүчүлөрдүн жетишкендиктерин диагноздоонун азыркы методикаларын жана технологияларын, методдорун колдонууга даяр.

КК-11: Ата-энелер, кесиптештер, социалдык өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүүгө даяр.

КК-12: Балдар менен алардын курактык жана жекече (индивидуалдык) өзгөчөлөктөрүн жана билим алуучулук өзгөчө керектөөлөрүн (таламдарын) эске алуу менен өз ара аракеттешүүгө даяр.

КК-13: Окуучулардын окуудагы жана социалдык жетишкендиктерин ар түрдүү ыкмаларды пайдаланып колдой алат.

КК-14: Окуучулар менен өнүмдүү каршы байланышты жүргүзө алат.

КК-15: Окуучулардын реалдуу өздүк тажрыйбага ээ болушуна өбөлгө түзөт жана аларды рефлексияны ишке ашыра алууга жана талдоо жүргүзө билүүгө үйрөтөт.

КК-16: Ѳзүнүн болочок кесибинин социалдык маанилүүлүгүн баамдайт, кесиптик ишмердикти жүзѳгѳ ашырууга мотивдешүүсү бар.

КК-17: Окуп үйрөнүүчүнү теманын үстүндө ар түркүн маалымат булактарын (окуу китептерин, журналдарды, массалык маалымат каражаттарын, интернет ресурстарын) рационалдуу пайдаланып өз алдынча иштөөгө үйрөтө алат.

КК-18: Окутууда кыйынчылыктары бар окуп үйрөнүүчүлөрдү (билим алуучулук өзгөчө керектөөлөрү бар балдарды) интеграциялай алууга жөндөмдүү.

КК-19: Окуп үйрөнүүчүнүн ар түркүн ишмердиктер менен алектениши үчүн шарттарды түзүүгө, жекече жана өз алдынча окутуп үйрөтүүнүн ар түрдүү формаларын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү.

КК-20: Окуп үйрөнүүчүлөрдүн жетишкендиктерин баалоонун ар түрдүү платформаларын жана критерийлерин пайдалана алат.

в) Кесиптик атайын компетенциялар (КАК)

КАК-1: Фундаменталдык физикалык закондордун жана теориялардын маңызын түшүнөт, физика боюнча билимдердин дүйнөнүн азыркы физикалык сүрөттөлүшүнө адекваттуу бирдиктүү системасына ээлик кылат жана физика илиминин аймагындагы изилдөөлөргө катышууга даяр.

КАК-2: Физиканы окутуу процессин учурдун талаптарына ылайык пландаштырып жана жүзѳгѳ ашыра алат, мында заманбап техникалык каражаттарды, анын ичинде санариптик технологияларды да эффективдүү колдоно билет.

КАК-3: Физикалык кубулуштарды байкоонун, мектептик физикалык экспериментти жүргүзүүнүн, анын ичинде чыныгы (натуралдык) тажрыйбаларды коюнун жана демонстрациялоонун, видеодемонстрациялар менен компьютердик моделдерди көргөзүүнүн, байкоолор менен эксперименттин жыйынтыктарын анализдөөнүн, физикалык маселелерди чыгаруунун методдоруна, ыкмаларына жана ыктарына ээлик кылат. Окуп үйрөнүүчүлөрдө физика боюнча эксперименталдык жана маселе чыгаруу билгичтиктерин калыптандырууга даяр.

КАК-4: Окуп үйрөнүүчүлөрдө физика боюнча предметтик компетенттүүлүктѳрдү (физикалык билимдердин системасын ѳздѳштүрүү жана илимий суроолорду коё билүү ж. у. с.) калыптандыруунун ыктарына ээлик кылат.

КАК-5: Физика-математикалык билим берүүнүн проблемалары боюнча илимий изилдөөлөргө катышууга даяр; физиканын жетишкендиктерин калктын калың катмарына жеткирүүнүн, физика мугалимдери үчүн заманбап методикалык материалдарды иштеп чыгып, жайылтуунун зарылдыгын түшүнѳт жана келечекте ушундай иштерди жүргүзүүнү каалайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Документ 2.pdf       2022-2023-окуу жылы үчүн

Документ 3 (2).pdf       2023-2024-окуу жылы үчүн

Документ.pdf         2024-2025-окуу жылы үчүн 

 2023-жыл үчүн

Документ (9).pdf     2024-2025- окуу жылы үчүн

Жалпы физика жана ФОУ кафедасынын мүчөлөрү негизги жана орто мектепте, ЖОЖдо физиканы окутуунун теориясы жана методикасы багытында илимий изилдөөчүлүк иштерди жүргүзүп келишүүдө. Кафедранын илимий изилдөөчүлүк темасы: “Жалпы жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдарда физиканы окутуу процессин оптималдаштыруунун илимий методикалык негиздери” 0001859 номери менен мамлекеттик каттоодон өткөн. УДК 37:378.1:53 жумуштун жетекчиси Жуманова М.М. мөөнөтү 01.10.2022-31.12.2027-жылга чейин бекитилген.

Документ (2).pdf

2024-календардык жыл ичинде академиялык кызматкерлердин улуттук жана эл аралык тармактык индекстүү журналдарда жарыяланган макаларынын тизмеси:

Макаласыжарыяланган окутуучунун аты.pdf

Кафедранын 3 аспирантты өздөрүнүн илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келишүүдө:

аты-жөнү

Аспиранттар боюнча маалымат

Жетекчиси

темасы

дисс.темасынын багыты

 

1

Молдоярова Ж.Б.

«Физиканы окутууда электрондук ресурстарды пайдалануунун дидактикалык шарттары (математика жана информатика адистиктеринин мисалында)»

13.00.02 -Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (физика)

п.и.д. Бабаев Д. Б.

2

Бекжан кызы Г.

“негизги мектептин окуучуларынын молекулалык физика боюнча түшүнүкдү калыптандыруунун методикасын өркүндөтүү”

13.00.02 -Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (физика)

п.и.д. Э.М. Мамбетакунов

2

Убайдилда кызы Б.

“Суроо менен окутуунун негизинде окуучулардын физиканы өздөштүрүүсүн жакшыртуу”

13.00.02 -Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (физика)

п.и.д. Ш.К. Курманкулов

2024-жылдын 19-октябрында Ош билим берүү институту менен биргеликте ОшМУнун МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасында физик мугалимдерге "Санариптик өлчөөлөр" деген темада теориялык лекция жана лаборатория өтүлүп, физик мугалимдер өз алдынча да лаборатория аткарышты жана физиканын азыркы учурдагы проблемалары талкууланды. https://www.instagram.com/p/DDtyeqTtlY8/?igsh=MXNpbWpldjlwbGF5cA==

2024-жылдын 21-октябрында №20 И. Раззаков атындагы мектеп -гимназиясында Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын окутуучулары мектеп мугалимерине “физиканын актуалдуу проблемалары” боюнча докладдарды окуп мастер класстарды көрсөтүп келишти. https://www.instagram.com/p/DDtyz_vt2g9/?img_index=2&igsh=enRyMHF0Y2R6cHln

2024-жылдын 23-ноябрь күнү “Илим күнүнө” арналган студенттик илимий конференция уюштурулду. Мында студент, магистранттардан 21 доклад катталдып, 14 баяндама угулду.  Мыкты баяндама жасагандар Сертификаттар менен сыйланышты. Мыкты баяндама жасагандарга 1.2.3 даражадагы дипломдор жана активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты.

Модератор: Калбекова М. Ж. Катчы: Молдоярова Ж. Б.

https://www.instagram.com/p/DDtzVP3tr8Z/?igsh=MXJqdWRpYXA4M3hmeg==

ФИО

тайпасы

убактысы

 

Докладдын темасы

Илимий жетекчиси

1

Зергербаева Данакер

ФЕ(б)-1-23

13:15

Python программасынын жардамында физика боюнча графикалык масалелерди чыгаруу

Ф.-м.и.к., Калбекова М.

2

Курбанбаева Аятхан

ФЕ(б)-1-22

13:20

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк физика – 8 окуу китептерине салыштырма анализ: молекулалык физика

п.и.к., доцент

Жуманова М.М

3

Шамшидинова Уулкан

ФЕ(б)-1-22

13:25

"Окуучулардын үй тапшырмасын видеоуроки сайтында текшерүү"

Ф.-м.и.к., доцент Эгембердиев Ж.

4

Урмат кызы Жылдыз

ФЕ(б)-1-21

13:30

Орто мектепте физиканы окутуунун мотивациялык технологиясы.

Улук окутуучу Эгемназарова А.Ж.

5

Адылжан кызы Жазгул

ФЕ(б)-1-21

13:35

Орто мектептин физика курсунда кинематиканы окутууда маалыматтык технологияларды колдонуу.

Улук окутуучу Эгемназарова А.Ж.

6

Абдилла кызы Орозгүл

ФЕ(б)-1-21

13:40

Физика боюнча тесттик маселелерди чыгарууда таяныч сөздөрдү пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү

Улук окутуучу Курбаналиев М.Б.

7

Бакыт кызы Гулзина

МФО(м)-1-23

13:45

№31    Орунбай  Курбанбаев           атындагы                      орто           мектебинин                  окуу

кааналарындагы жарыктаныштын абалы

Ф-м.и.к., доцент Эгембердиев Ж.

 

 

 

 

 

 

8

Маккамбаева Чынара

МФО(м)-1-23

13:50

Радиациянын жана электромагниттик талаанын деңгээлин каттоочу физикалык приборлор жана аларды колдонуу усулдары.

Ф.-м.и.к, доцент Эгембердиев Ж.

9

Чалбаева Ирода

МФО(м)-1-23

13:55

Физиканы    окутууда    электрондук                      ресурстарды                      пайдалануу

мүмкүнчүлүктөрү

Окутуучу Молдоярова Ж.

10

Токтобек уулу Айбек

МФО(м)-1-23

14:00

Орто мектептин заманбап демонстрациялык эксперменти

Окутуучу Молдоярова Ж.

11

Кубатбек кызы Уулкан

МФО(м)-1-24

14:05

Окуучуларды физикалык маселелерди чыгарууга үйрөтүү методикасынын проблемалары

Улук окутуучу Курбаналиев М.Б.

12

Темирбек кызы Наргиза

МФО(м)-1-24

14:10

Орто мектептеги жогорку класстарында окуучулардын физика боюнча билидерин жалпылоо.

Улук окутуучу

Эгемназарова А.Ж.

13

Абдикаим угли Султан

МФО(м)-1-24

14:15

Искусственный интеллект: упущенные возможности и перспективы

Улук окутуучу

Курбаналиев М.Б.

14

Мухаметова Руфина

МФО(м)-1-24

14:20

Стем-образование источник формирование творческих способностей

Ф.-м.и.к., Калбекова М.

 

2024-жылдын 30-ноябрь күнү “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XI аймактык студенттик конференция болуп өттү. Математика, физика, информатика мугалимдерин даярдоодогу учурдагы тенденциялар аттуу секцияда жалпысынан 35 баяндама угулуп, 550200 физика-математика билим берүү багытынын физика багытынын МФО(м)-1-23 тайпасынын магистранты Бакыт кызы Гулзина 1-даражадагы дипломго, МФО(м)-1-24 тайпасынын магистранты Абдикаим у. Султан 3-даражадагы дипломго ээ болушту. Мыкты баяндама жасагандыгы үчүн Кубатбек кызы Уулкан, Урмат кызы Жылдыз, Адылжан кызы Жазгүл, Курбанбаева Аятхан, Шамшидинова Уулкан, Зергербаева Данакер, Абдылдабек кызы Айпери, Темирбек кызы Наргиза, Толобаева Токтаим, Чалбаева Ирода сертификатка ээ болушту. https://www.instagram.com/p/DDtzbTRNGNr/?igsh=NmZudjY2bXkwNnFp

2024-жылдын 16-19-декабрь күндөрү кафедранын төмөнкү окутуучулары Калбекова М. , Эгемназарова А. Молдоярова Ж. Макамбаева Ж. Калидин кызы Т. физика-математикалык билим берүү багытынын студенттерине конок лекция өтүп келишти

https://www.instagram.com/p/DDt0d0FtjEU/?igsh=MTRkMGY1Zmhzemh0cQ==

 

2025-жылдын 21-январынан 25-январына чейин МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан уюштурулган, ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан колго алынып «Физика сабагында инновациялык билим берүү ыкмалары жана санариптик технологиялардын колдонулушу» аттуу мектеп физика мугалимдерине курс өтүлдү.

https://www.instagram.com/p/DFSnYr_tFt1/?igsh=MWplbnZjZGtpdnZtNg==

 

2025-жылдын 28-29-30-31- январь жана 1-февраль кундору Ош шаардык мэриясынын колдоосу,Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан сунушталып, Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан уюштурулуп, курсту кафедранын доценти Ж.Эгембердиев, ага окут. М.Курбаналиев,улук окутуучулар А.Эгемназарова, М.Калбекова жана окутуучулар Ж.Макамбаева, Ж.Молдояровалар Ош шаарындагы жалпы орто билим берүүчү мекемелердин физика мугалимдери үчүн ЖРТга даярдоонун негиздери жана окутуунун жаңы технологияларын өздөштүрүү боюнча семинар-тренинг өтүштү.

https://www.instagram.com/p/DFrydl1uKiJ/?igsh=MXMyNnE1d2x4ZDFwcw==

 

2025-жылдын 10-март күнү Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын окутуучулары Макамбаева Ж.А., Молдоярова Ж.Б., Калидин кызы Т. эжекелер Ош шаарына караштуу Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебинде шаардын физик мугалимдерине “Физика боюнча виртаулдык лабораториялар менен иштөө” аталышындагы семинар өтүп келишти. Семинарга 20га жакын мугалимдер катышып, кызыктуу талкуу, суроо-жооптор менен коштолду. Ошондой эле 11-класстын окуучулары менен кесипке багыттоо иш чарасы уюштурулуп, адистиктер боюнча маалыматтар берилди.

https://www.instagram.com/p/DHBdKwKN7DG/?igsh=eGVtMTN2N2hzcnAy

Кафедранын мүчөлөрүнүн илимди коомчулукка жарыялоо, популяризациялоо боюнча массалык-маалымат каражаттарына чагылдырылган материалдары.

 

Facebook социалдык тармагында Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын илимий–изилдөө иштерин чагылдырган материалдар жайгашкан. Facebook социалдык тармагынын ссылкасы:

https://www.facebook.com/share/188MmHAnPG/?mibextid=wwXIfr

 

 

Студенттердин акыркы 3 окуу жылдарындагы  академиялык мобилдүүлүктөрү боюнча маалыматтар.

1) 2020-2021-окуу жылында 510400 “Физика” багытында окуган магистрант Байгазиев А. 3 айга Фергана политехникалык институтунда мобилдүүлүк боюнча иш сапарда болуп келген.

2)  2022-2023-окуу жылында ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенти Улукбек уулу Нурбакыт Ак төбө регионалдык университетине барып, келишим узартылган эмес деп, сентябрда бара турган болуп келген. Келишимдерди жаңылап туруу зарылчылы келип чыккан.

3) 2023-2024-окуу жылында ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенти Сабирова Самара Кыргыз Улуттук Университетине мобилдүүлүк боюнча 1-семестрде окуп келген.

4) 2024-2025-окуу жылында Сайфулло кызы Уулжандын Низами атындагы Ташкент мамлекеттик университетине мобилдүүлүк  боюнча 1айлык окуусу. https://www.facebook.com/share/p/1FC6eUk5AH/

5) ЖаМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин 3-курсунун студенти  Таалайбек кызы Луиза, 2-курстун студенти Калмурзаева Гулзада Шукурбековна  ОшМУга окууга келген.

2024-2025-окуу жылында ФЕ(б)-1-24 тайпасынын төмөндөгү студенттери Ташкент мамлекеттик университетине 1-айлык мөөнөткө мобилдүүлүк боюнча барып келишкен.

  1. Бекмурат кызы Гулноза
  2. Мадишева Нурзат
  3. Умарова Мадинабону
  4. Айбек кызы Тазагүл
  5. Бекмурат кызы Гулноза

https://www.instagram.com/p/DHsbE_kNevO/?igsh=NzJ6ZzV0dzN1aHZ1

 

2024-2025-окуу жылынын 23-апрелинен 30-апрелине чейин Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын окутуучулары ф.-м. и. к., М. Ж. Калбекова, Ж. А. Макамбаева, Ж. Б. Молдоярова жана
550200 ФМББ. багытынын 1-курсттарынын  ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери, Абдиллаев Ш., Зергербаева Д. А. мобилдүүлүк боюнча Фергана мамлекеттик университетинин чакыруусу менен барып, физика кафедрасында окутуучуларына жана студенттерине конок лекцияларды окуп, сабактарга катышышып маалымат алмашып келишти.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Конок лекция       
Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедралары тарабынан уюштурулган ф.-м.и.д., профессор кыргыз илимин коомчулукка тааныткан коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев “Физика илиминин азыркы учурдагы абалы” деген темада ОшМУда онлайн лекция өттү. Онлайн лекцияга МФТИТ институтунун директору, доцент Б. А. Азимов, физик окмуштуулар, магистрлер, 2-3-4-курста окуган физик студенттер жана Ош шаарынын, Кара-Суу, Ноокат районунун физик мугалимдери катышты. Онлайн лекцияда профессор Каныбек Осмоналиев азыркы физика илиминин 6 жетишкендиктерине кеңири токтолуп, угуучулардын суроолоруна жооп берди.





 


Чет мамлекеттик өнөктөштөр менен жолугушуу       
2024-жылдын 31-май күнү саат 14:30 да 207-аудиторияда ОшМУнун 85 жылдыгынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун “Физика” кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д. профессор Юлдашев Насирдин Хайдарович жетектеген эмгек жамааты менен окуу жайдын Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедраларынын жалпы жамааты, студенттери жана магистранттарынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ар кандай маселелер талкууланып, студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.
                        

 

2025-жылдын 24-апрелинде КазНУнун магистранты Муталипова Камила Кадыржан кызы Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын 550200 физика-математикалык билим берүү адистигинин магистрант жана студенттерине “Энергетиканы моделдөө методдору” деген темада конок лекция өттү. Лекциянын жүрүшү суроо жооптор, кызыктуу талкуулар менен коштолду.

 

Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар  нститутунун 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын (профиль: Физика) 2024-2025-окуу жылында уюштурулуп өткөрүлгөн практикалар жөнүндө маалымат

   1.Практикага тийиштүү иш кагаздар боюнча маалымат: жобо, иш план, график, жумушчу программалар, силабус, билдирүү буйруктар ж.б.

Практикаларга билдирүү жана буйруктар онлайн формада даярдалып, кадрлар бөлүмүнө траектория аркылуу жөнөтүлүп, чыгарылды. Студенттерге практиканын башында инструктаж берүүчү жана практика аяктагандан кийин жыйынтыктоочу конференциялар уюштурулуп өткөрүлгөн. Ар бир буйрук графикке дал келет жана өзүнчө папкада сакталат. Ар бир практиканын түрүнө жараша практиканын отчеттору өз-өзүнчө папкаларда сакталган.

Ар бир практиканын түрү боюнча график, силлабустар түзүлүп, буйруктар чыгарылып, күндөлүктөр даярдалып өз убагында, студенттерге жеткирилди,

(1.https://drive.google.com/drive/folders/1mHOdI0JRqxnYcboSZNDkSp9nyeFMZP4r?usp=drive_link

  1. https://www.facebook.com/share/p/1DzUU85QxY/
  2. https://www.facebook.com/share/p/1X3SJMwRL7/
  3. https://www.facebook.com/share/p/18D7ARHc46/ )

жыйынтыктоочу конференциядан кийин, студенттердин отчетторун топтоп,  баалар ведомостко жана MyEDU программасына коюлду.

 

      2. Практиканын түрлөрү жана ага бөлүнгөн кредиттер;

Ош МУнун МФТИТ  нститутунун 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын күндүзгү окуу бөлүмүндө (профиль: Физика ) практиканын 4 түрү өткөрүлөт.

 

Практиканын аталышы

Курс

Семестр

Өткөрүү мөөнөтү

Буйругу

1

Адаптациялык-педагогикалык практика

2

4

31.03.25-12.04.25

https://drive.google.com/file/d/1T2TOsFKWVlPJCdBVcQtt0Ks3qF3_2RdK/view?usp=drive_link

2

Кесиптик-базалык практика

3

6

24.03.25-03.05.25

https://drive.google.com/file/d/12BS8HaFzFlAJ4hmC129cycuWmOQl-RZQ/view?usp=drive_link

3

 Кесиптик-профилдик практика

4

7

16.09.24-19.10.24

https://drive.google.com/file/d/12ZSknsB1mfpH59mP_kKSW-93MkoFW63m/view?usp=drive_link

4

Кесиптик-профилдик практика

4

8

03.02.25-15.03.25

https://drive.google.com/file/d/1BTFj7iiSf8f4SjRlSqE2JAXa7cpGTbcH/view?usp=drive_link

Ош МУнун МФТИТ  нститутунун 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын сырттан окуган студенттери үчүн (профиль: Физика ) практиканын 4 түрү өткөрүлөт.

Практиканын аталышы

 Курс

  Семестр

 Өткөрүү мөөнөтү

 Буйругу

1

Адаптациялык-педагогикалык практика

   3

   6

   24. 03.25-5.04.25

 

2

Кесиптик-базалык практика

   4

   8

  07.04.25-17.05.25

https://drive.google.com/file/d/1lVMLwqRYhKatxXszOt84uydTfv4emlTE/view?usp=drive_link

3

 Кесиптик-профилдик практика

   5

   9

 11.11.24-14.12.24

https://drive.google.com/file/d/1o35SSIpyqvpMXQD8fhY23AsUJ1uwOw8u/view?usp=drive_link

4

Кесиптик-профилдик практика

   5

    10

  24.03.25-03.05.25

https://drive.google.com/file/d/1MfYz8oXYMbPQ9aULKNWEGehcYquURT7S/view?usp=drive_link

 

Практикаларды уюштуруу, өткөрүү жана көзөмөлдөө боюнча ОшМунун № 24-  жобосунун негизинде уюштурулат.

Окуу процессинин графиги боюнча алдын ала практика үчүн буйруктар чыгарылган.

 

3          Жалпы практикага чыгарылган студенттер боюнча маалымат (Жалпы саны, күндүзгү, сырткы бөлүм, шаарга, районго, кайрадан чыгаруу ж.б.);

Адаптациялык-педагогикалык практика – 2-курстун студенттери (19 студент) график боюнча практикага 2025-жылдын 31-мартынан 12-апрелине чейин чыгышат.

Кесиптик-базалык практикасы. 3-курстун студенттери (22 студент) санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен, 2025-жылдын 24-мартынан 3-майга чейин чейин чыгышат.

Кесиптик-профилдик практика - 4 курстун студенттери (16 студент) санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен, 2024- жылдын 16-сентябрынан 19-октябрына  чейин, 5 жумага Ош шаарындагы мектептерге практикага (ОшМУ буйрук: https://drive.google.com/file/d/12ZSknsB1mfpH59mP_kKSW-93MkoFW63m/view?usp=drive_link ) чыгып келишти.

Кесиптик-профилдик практика - 4 курстун студенттери (16 студент) санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен, 2025- жылдын 3-февралынан 15-мартына  чейин практикага чыгышат.

 Практикага чыгуу боюнча буйруктар:

Буйрук_практика_ФЕ(б)-1-21.pdf

4-курс_Физика_практиканын буйругу.pdf

Буйрук_Таалайбек кызы Луиза_Кесиптик-базалык практика_.pdf

Физика_буйрук_кесиптик-базалык практика.pdf

Физика 2-курс адаптациялык практика.pdf

Физика 2-курс адаптациялык практика_мобилдүүлүк.pdf

 

 


2024-жылдын 22-апрель күнү Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "Математиканын, физиканын, техниканын жана информациялык технологиялардын актуалдуулугу жана физика, математика, информатика мугалимлерин даярдоодогу акыркы тенденциялар" аталышындагы илим жумалыгында А. Эгемназарованын жетекчилиги астында мыкты баяндама жасап 2-орунду ээлегендиги үчүн ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенти Апсаматова Тумариза 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

 

  Студенттик олимпиада       

2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багындырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.




2025- жылдын 19-апрелинде XII-аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадада "физика" профили боюнча Курбаналиев Максат агай жетектеп барган команда байгелүү орундарга жетишип, төмөндөгүдөй көрсөткүчкө ээ болушту:физика (профиль) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттер: 1-орун Зергербаева Данакер, 3-орун Абдиламитова Акылай багындырышты.

2025-жылдын 29-апрель күнү ОшМУнун МФТИТ институтунда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, МИОТжББМ кафедрасынын профессору Алтыбаева Мейликан Алтыбаевнанын 75 жылдыгына арналган “Математиканын, физиканын, техниканын жана информациялык технологиялардын актуалдуу маселелери жана физика, математика, информатика мугалимдерин даярдоодогу азыркы тенденциялар” аттуу илим жумалыгында Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын окутуучусу Ж.Б. Молдоярова жана ФЕ(б)-1-23 тайпасы тарабынан “Физика дүйнөсүнө саякат” аттуу конкурс уюштурулуп, 1-4-курстун студенттери активдуу катышышып, жеңүүчүлөр  баалуу белектер менен сыйланышты.

 

 2023-2024 окуу жылы үчүн

 

Документ (1).pdf       2024-2025-окуу жылы үчүн

Документ 33 (1).pdf         Свидетельство НААР

ППК 2022-2023.pdf     2022-2023-окуу жылындагы квалификацияны жогорулатуу

ППК 2024-2025.pdf     2024-2025-окуу жылындагы квалификацияны жогорулатуу

Сертификаттар:

https://base.oshsu.kg/resurs/document/PDF-20240517072940-jphysics.pdf

https://base.oshsu.kg/resurs/document/PDF-20240517073007-jphysics.pdf

Документ 2 (6).pdf    Эгемназарова А.Ж.

 

 

   Кафедранын-техникалык базасы

 

Кафедранын материалдык-техникалык базасы, аудиториялык фонду, лабораториялардын заманбап жабдуулар менен камсыздальшы: (Кафедрага караштуу 6 лаборториялык аудитория бар.

  • 229- «Механика жана молекулалык физика» лабораториясы.
  • 234-«Жалпы физика, компьютердик технологиялар жана электроника» лабораториясы.
  • 235-«Оптика, атомдун, ядронун жана элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы» лабораториясы.
  • 200- Препаратордук бөлмө жана магистрлердин илимий-изилдөөчүлүк лабораториясы .
  • 204-«Физиканы окутуу усулу жана мектептик физикалык эксперимент» лабораториясы.
  • 207-«Электромагнетизм» лабораториясы 

2024-2025-окуу жылында 229-аудиторияга:

Прибордун аталышы

Инв.№

Саны/шт

Баасы,сом

1

2311Лабораторный блок питания

61462

1

4500

2

2311Генератор сигналов FG-100

6146

1

7000

3

2311Дозиметр

61463

1

5000

4

2311Дозиметр Bosean FS-600

61466

1

5000

5

2311Измеритель электромагнитного поля

61465

1

1600

6

2311Инфракрасный тепловизор

61449

1

12000

7

2311Люксметр iCartool IC-M106

61468

1

4000

8

2311Люксометр Мегеон 21380

61467

1

1800

9

2311Солемер TDS&EC

61453

1

4200

10

2311Солемер TDS&EC

61454

1

4200

11

2311pH-метр почвы

61451

1

3000

12

2311pH-метр почвы

61452

1

3000

13

2311pH-метр воды

61456

1

1600

14

2311pH-метр воды

61457

1

1600

15

2311Экотестер ЕСО 6 (3 в 1)

61445

1

19400

16

2311Экотестер ЕСО 6 (3 в 1)

61446

1

19400

Жалпы баасы:

97300

   

 

207- аудиторияга:

Прибордун аталышы

номери

Саны

Баасы

1

2309 Интерактивный сенсорный экран 75дюймовый инв №60370

0005578

1

143000,00

Прибордун аталышы

Инв.№

Саны/шт

Баасы,сом

1

2311Лабораторный блок питания

61462

1

3600

2

2311Лабораторный блок питания

61461

1

4500

3

2311Генератор сигналов UTG-952E

61450

1

12000

4

2311Электронный осциллограф UTD2052CL

61447

1

16400

5

2311Осциллограф ФНИРСИ 1014Д

61444

1

17000

6

2311Осциллограф портативный Хантек

61448

1

22900

7

2311Ювелирные высокоточные весы

61455

1

1500

8

2311Электронный конструктор PinLab

61458

1

3700

9

2311Электронный конструктор PinLab

61459

1

3700

Жалпы баасы:

85300

234-аудиторияга:

Прибордун аталышы

Инв.№

Саны/шт

Баасы,сом

1

2404 Интерактивная доска 75 3в1 (с мобильной стойкой,оснащенной колесиками с блакир движен) Инв№62277

963214

1

184213,00

 

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55429

9630

1

36164,00

2

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55430

9631

1

36164,00

3

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55431

9632

1

36164,00

4

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55432

9633

1

36164,00

5

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55433

9634

1

36164,00

6

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55434

9635

1

36164,00

7

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55435

9636

1

36164,00

8

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55436

9637

1

36164,00

9

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55437

9638

1

36164,00

10

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55438

9639

1

36164,00

11

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55439

9640

1

36164,00

12

2212 Тонкий клиент Dell Wyse 5012-D12D Thin OS Монитор 23/комплект инв №55440

9641

1

36164,00

 

618968,00

Ошондой эле ЭСО лабораториялык программасы сатып алынып, Data центр менен биргеликте компьютерлерге установка кылынган.

 

200-аудиторияга

Флепчат доска жана бир катар жабдуулар менен толукталды.