Чыгуу
  • Дүйшөмбү - Ишемби (9:00 - 17:00)

    Эс алуу - Жекшемби
  • Почта

    mftit@gmail.com
  • Байланыш

    +996 772 499 996

Математиканы, информатиканы окутуунун технологиясы жана билим берүүдөгү менеджмент

Технология обучения математики, информатики и образовательного менеджмента

Девиз кафедры: «Обеспечение качества образования через педагогические технологии»
За кафедрой высшей математики Ошского государственного педагогического института были закреплены и такие учебные дисциплины, как элементарная математика и методика преподавания математики. На базе данной кафедры в 1965 году организовалась кафедра элементарной математики и методика ее преподавания. Новая кафедра была профилирована преподаванию методики преподавания математики, элементарной математики и высшей геометрии. Исполняющим обязанности заведующего кафедрой был назначен первый выпускник физико-математического факультета Ошского госпединститута М.Н. Назаров. В составе кафедры работали Мамуров Т.М., Афанасенко Р.М., Кравченко С.Л., Жолдошев Б., Сабирова Н.Н., Сманов Т.С., Кулматов Т.К. После отделения кафедры алгебры и геометрии она вновь организована как кафедра методики преподавания математики. Так как в то время в институте работали считанные преподаватели, имеющие ученую степень, кафедра не осталась в стороне дел продвижения научно-исследовательских работ. Была организована научная связь с ведущими научными центрами СССР. Назаров М.Н., Кулмаматов Т.К. и др. поступили в аспирантуру, молодые преподаватели были направлены на курсы повышения квалификации, научные командировки и стажировки. На факультет были приглашены ведущие ученые из научных центров, как Москва, Алма-Ата, Ташкент, Ленинград и др. Они читали лекции, были организованы встречи и научные сотрудничества с ними. До 1982 года кафедру заведовал к.п.н., доц. Назаров М.Н. На работу преподавателем кафедры были приглашены лучшие выпускники факультета и центральных вузов: Максутов Т., Тажибаев К., Пакыров Т., Максутов А., Еремина Г.Г., Борубаев Т., Алтыбаева М., Мадраимов С., Жапаров С., Син Е.Е., Култаев Т., Сатымкулов С., Маматкулова М., Костомарова Л.Ю., Белоусова А.Г., Ташбалтаев М. и другие. Они вскоре с целью повышения научно-теоретического и методического уровня учились в аспирантуре, и многие из них были удостоены научной степени кандидата наук, ученого звания доцента. 1982-1988 годы кафедру заведовал к.ф.-м.н., выпусник факультета Максутов Р.М. За это время улучшилась материальная база кафедры, был оформлен математический кабинет школьного типа, организован автоматизированный класс, уголок методических книг и опубликованы учебные пособия для студентов. Затем кафедру заведовали к.ф.-м.н., доцент Чынкараев Т. (1988-1990), к.п.н., доцент Алтыбаева М. (1991-2001), старший преподаватель Тагаев У. (2002-2004). В 2005 году к.п.н. Аттокурова А.Дж. назначена исполняющей обязанности заведующей кафедры, с 2007 года заведующей кафедрой методики преподавания математики и информатики. С 1992 года при кафедре действует аспирантура по специальности 13.00.02.- Теория и методика обучения и воспитания (математика). Среди ее выпускников Тургунбаева С., Касымбаев Б., Аттокурова А. защитили кандидатские диссертации под научным руководством профессора Назарова М.Н. Аспиранты и соискатели Акимова О., Акбаева К., Адиева К., Шайбеков И., Тагаев У. успешно работали над научной темой. В этом году соискатель кафедры Токтомамбетова Ж. успешно защитила кандидатскую диссертацию под научным руководством доцента Алтыбаевой М.А. Соискатели А.Келдибекова, К.Турдубаева, З.Садыков; аспирант Ш.Оморов ведут активную научную работу над темой исследования. Кафедра 1993-1994 гг. проводила студенческие конференции, 1997 году была организована региональная научно-практическая конференция по актуальным проблемам обучения математики. С годом увеличивался состав кафедры, рос качественный показатель и по результатам 1999-2000 учебного года кафедра удостоилась звания «Лучшая кафедра ОшГУ». С присвоением институту нового статуса произошли заметные изменения в деятельности кафедры, и 2001 году кафедра переименовалась методике преподавания математики и информатики. Преподаватели кафедры Аттокурова А., Келдибекова А. заняли второе место на конкурсах ОшГУ 2008, 2011 годов «Лучший УМК», «Лучший лектор» соответственно. На конкурсе «Лучший УМК-2010» кафедра награждена Почетной грамотой ОшГУ, 2011 году на конкурсе «Лучший инновационный учебно-методический комплекс образовательных программ на основе компетентностного подхода для высших учебных заведений Кыргызской Республики» награждена дипломом. Основные направления научно-иследовательских работ кафедры: • Разработка учебно-методических пособий по математике и информатике для общеобразовательной, профильной, средней и высшей школы. • Компетентностный подход в обучении математике в вузах; • Дидактические основы компетентностного подхода к формированию содержания образования (на примере изучения методики преподавания математики); • Научно-методические основы организации и проведения педагогической практики, развивающей профессиональную компетентность будущего учителя математики. Научные традиции кафедры: • Сотрудничество с КАО и участие в ежегодных республиканских педагогических чтениях; • Ежегодное проведение региональных Назаровских чтений по проблемам методики преподавания математики и информатики и опубликование сборника статей. В 2010-2012 гг. члены кафедры прошли курсы повышения квалификации по «Научным и практическим основам личностно-ориентированного обучения» в рамках проекта «Сапаттуу билим» ЮСАИД. minicterctvoobrazovaniyainaukikyrgyzckojrecpubliki.rtf

Тарыхы

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун “Элементардык математика жана аны окутуунун методикасы” кафедрасы 1965-жылыуюштурулуп математиканы окутуунун методикасы, элементардык математика, жогорку геометрия дисциплиналарын окутууга профилдешкен. Ош ПИнин физика-математика факультетинин биринчи бүтүрүүчүсү М.Н.Назаров кафедра башчысынын милдетин аткарган. Кафедранын курамында МамуровТ.М., Афанасенко Р.М., Кравченко С.Л., Жолдошев Б., Сабирова Н.Н., Сманов Т.С., Кулмаматов Т.К. ж.б. эмгектенишкен.

СССРдин ПИАсынын ага илимий кызматкери, п.и.к. Манаева С.С. математиканы окутуунун методикасы, алгебра жана геометрия кафедраларынын окутуучулары менен (1975-ж.)

1972-73-окуу жылында анын курамынан алгебра жана геометрия кафедрасы бөлүнүп чыккандан кийин кафедра “Математиканы окутуунун методикасы” аталышында кайра түзүлгөн. Ал мезгилде ОМПИде саналуу гана окутуучулар илимий даражалуу болгондуктан, илимий- изилдөө жумуштарын алга жылдыруу үчүн кафедра СССРдеги алдыңкы илимий борборлор менен байланыш түзүүгө киришет. Назаров М.Н., Кулмаматов Т.К. ж.б. окутуучулар аспирантурага окууга киришет, жаш окутуучулар квалификациясын өркүндөтүү курстарына, илимий сапарларга, стажировкаларга жиберилет. Москва, Алма-Ата, Ташкент, Ленинград ж.б. илимий борборлордон таанымал окумуштуулар факультетке чакырылып атайын лекциялар жана илимий кызматташуулар уюштурулат.

Кафедраны 1982-жылга чейин п.и.к., доц. Назаров М.Н. жетектеген. Факультеттен, борбордук ЖОЖдон алдынкы бүтүрүүчүлөр Максутов Т., Тажибаев К., Еремина Г.Г., Пакыров Т., Максутов А., Бөрүбаев Т., Алтыбаева М., Мадраимов С., Жапаров С., Култаев Т., Сатымкулов С. Маматкулова М., Син Е.Е., Костомарова Л.Ю., Белоусова А.Г., Ташбалтаев М. кафедрага окутуучулукка кабыл алынган. Алар өздөрүнүн илимий-теориялык, методикалык деңгээлдерин жогорулатуу максатында аспирантурада окушат, көпчүлүгү илимдинкандидатыокумуштуулук даражасына, доценттик наамга ээ болушат .

Аттокурова А.Дж., кафедра башчысы

1982-1988-жылдары кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., факультеттин бүтүрүүчүсү Максутов Р.М. эмгектенген. Бул жылдары кафедранын материалдык базасы бир кыйла байып мектеп тибиндеги математикалык кабинет, автоматташтырылган класс, кафедранын методикалык китеп текчеси түзүлгөн, студенттер үчүн окуу колдонмолор басмадан чыгарылган.

Кийин кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., доц. Чынкараев Т. (1989-1990), п.и.к., доц. Алтыбаева М. (1991-2001), ага окутуучу Тагаев У. (2002-2004) эмгектенишкен, 2005-2007-жж. п.и.к., доц. Аттокурова А.Дж. кафедра башчысынын милдетин аткарып андан бери кафедраны жетектеп келүүдө.

1992-жылы кафедранын алдында 13.00.02.- Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жанаметодикасы (математика) адистиги боюнча аспирантура ачылган. Аны ийгиликтүү бүтүргөндөрдөн Тургунбаев С., Касымбаев Б., Аттокурова А. профессор М.Н.Назаровдун; А.Келдибекова проф. Дж.У.Байсаловдун илимий жетекчилигинде кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон. Кафедранын изденүүчүлөрү Токтомамбетова Ж., Турдубаева К. доц. М.А.Алтыбаеванын, ага окутуучуШ.Оморов проф. К.М.Торогельдиеванынилимий жетекчилигиндекандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.Башка изденүүчүлөр Акимова Ө., Акбаева К., Адиева К., Шайбеков И., Тагаев У. өз кезегинде илимий теманын үстүндө иштешкен.

Кафедра 1993-1994-жж. студенттик конференцияларды, 1997-ж. математиканы окутуунун актуалдуу проблемалары боюнча региондук илимий-практикалык конференцияны уюштуруп өткөргөн. Жылдан-жылга кафедранын курамы сан жагынан да, сапат жагынан да өсүп, 1999-2000-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча «ОшМУнун мыкты кафедрасы» сыйлыгын жеңип алган.

Окуу жайы жаңы статуска ээ болушу менен кафедранын ишмердүүлүгүндө да жаңылануулар болуп, 2001-жылы математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы аталышына өзгөртүлгөн.

Ош МУда 2013-2015-жылдары ишке ашырылган TEMPUSтун EDUCA долбоорунун натыйжасы катарыкафедрада “Билим берүү менеджменти” магистрдик программасы ачылып жаңы статуска ээ болушу менен2016-жылы математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти кафедрасыаталышына өзгөртүлдү.

Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасы

Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти (МИОТжББМ) кафедрасы “Математика жана информациялык технологиялар” факультетиндеги негизги профилдештирүүчү кафедралардын бири. Кафедранын нормативдик-укуктук базасы жогорку кесиптик билим берүүнүн эки баскычтуу системасынын талаптарына толук жооп берет.

Кафедранын миссиясы: Окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында сапат кепилдигин камсыз кылуу менен жалпы билим берүүчү, орто жана жогорку кесиптик мектептинкомпетенттүү математика жана информатикамугалимдерин жана менеджерлерин,илимий кызматкерлердидаярдоо; билим берүүгө компетенттүү мамилени жүзөгө ашыруу багытында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү.

Максаттары:

1. Кафедра профилдештирүүчү төмөнкү багыттар жана программалар боюнчасапаттуу билим берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү:

Бакалавриат: «Физика-математикалык билим берүү»

    • Даярдоо профили: «Математика»
    • Даярдоо профили: «Информатика»

Магистратура :

· «Физика-математикалык билим берүү»

  • “Билим берүү менеджменти”

Аспирантура :

13.00.02.- Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (математика)

2. Кафедранын профилдештирүүчү дисциплиналарды мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окутууну уюштуруу;

3. Окутуунун заманбап инновациялык технологияларын колдонуу мененсапаттуу билим берүү;

4.Кафедранын окутуучуларынын квалификацияларын жогорулатуусуна, өзүнүн үстүнөн иштөөсүнө, тажрыйба алмашуусуна жетишүү;

5.Билим берүүгө компетенттүү мамилени жүзөгө ашыруу багытында илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын билим берүүдө колдонуу;

6. Бакалаврларды жана магистранттарды даярдоодо мобилдүүлүктү ишке ашыруу;

7. Рыноктук экономиканын шарттарында “Агартуу Академиясы” коомдук фондунун алкагында киреше алып келүүчү иш-аракеттерди уюштуруу.

Кафедранын дареги:
723500,КыргызРеспубликасы,Ош ш., Ленин к., 331, ОшМУнун башкы корпусу. Математика жана информациялык технологиялар факультети. Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти кафедрасы, 233-каб.
Телефон: 0(3222) 7-11-81, 0771-05-63-00.Веб-сайт: www.oshsu.kg ,
E-mail:
attokurovanarkan@rambler.ru , elnuraavazova@mail.ru

ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ

Кафедранны профессорлук окутуучулук курамы жана окуу-көмөкчү персоналы:

  1. М.А.Алтыбаева – п.и.к., профессор
  2. А.Дж.Аттокурова – п.и.к., доцент
  3. А.О. Келдибекова – п.и.к., доцент
  4. Ш.Д.Оморов – доц.м.а.
  5. У.Б.Тагаев – улук окутуучу
  6. З.М.Садыков – улук окутуучу
  7. Э.Т. Авазова – окутуучу
  8. К.Абдыкалыкова – улук лаборант

Кафедранын сапаттык көрсөткүчү 50%ды түзөт.

 
 
 
 
 
 
 

 

илимий эмгектери
Илимий изилдөө иштери

Кафедрада “Мектептик жана кесиптик билим берүүгө к омпетент түү мамиле” багыт ында илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт:
1-тема. Педагогикалык багыт боюнча программаны (бакалавриат, магистратура) окутуунун натыйжаларын долбоорлоо
( доц. Алтыбаева М.)

Максаты: Педагогикалык багыт боюнча программаны (бакалавриат, магистратура) окутуунун натыйжаларын иштеп чыгуу


2-тема. Окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында келечектеги математика мугалимдеринин компетенттик маанилүү сапаттарын калыптандыруу (доц. Аттокурова А.).
Максаты: Келечектеги математика мугалимдеринин компетенттик маанилүү сапаттарын калыптандыруудаметодикалык багыттагы дисциплиналардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө.
Келечектеги математика мугалимдеринин компетенттик маанилүү сапаттарын калыптандырууну моделдештирүү.

3-тема : Дидактические основы компетентностного подхода в проектировании системы подготовки школьников к математическим олимпиадам (на примере математики V-ΧI классов) (доц. Келдибекова А.О.)
Максаты: Окуучулардын компетенцияларын калыптандырууда математикалык олимпиадалардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө. Окуучуларды математикалык олимпиадаларга даярдоо системасын жана технологиясын иштеп чыгуу.

4-тема: И.Бекбоевдин илимий-методикалык эмгектери жана математикалык билим берүүдө колдонуу тажрыйбасы (доц.м.а. Оморов Ш.Д.)
Максаты: И.Бекбоевдин илимий-методикалык эмгектерин жана математикалык билим берүүдө колдонуу тажрыйбасын изилдөө.


5-тема: Жалпы билим берүүчү жана профилдик мектептер үчүн математика жана информатика боюнча окуу-методикалык колдонмолорду; физика-математикалык билим берүү жана билим берүү менеджменти боюнча бакалавриат жана магистратура үчүн окуу-методикалык колдонмолордуиштеп чыгуу (Улук окутуучу Садыков З.М., Тагаев У.Б., окут. Авазова Э.Т.)


Максаты: Жалпы билим берүүчү жана профилдик мектептер үчүн математика жана информатика боюнча окуу-методикалык колдонмолорду; физика-математикалык билим берүү жана билим берүү менеджменти боюнча бакалавриат жана магистратура үчүн окуу-методикалык колдонмолорду компетенттүүлүк негиздеиштеп чыгуу.

Кафедранын илимий саамалыктары:

· Кыргыз билим берүү академиясы менен кызматташуу жана ар жылы өткөрүлүүчү республикалык педагогикалык окууларга катышуу;

· Математиканы жана информатиканы окутуунун актуалдуу проблемалары боюнча Назаровдук окууларды жыл сайын өткөрүү жана макалалар жыйнагын Ош МУ жарчысынан басмадан чыгаруу.

· Региондогу ЖОЖдор аралык илимий-методикалык семинарды ай сайын уюштуруу.

2016-17-о.ж. МИОТж ББМ кафедрасына бекитилген дисциплиналар

А) Бакалавриат “Математика”

1. Элементардык математика

2. Математикалык маселелерди чыгаруу практикуму

3. Математиканы окутуунун методикасы

4. Математиканын тарыхы

5. Математиканы окутуунун заманбап технологиялары

6. Мектеп математикасынын илимий негиздери

7. Математикалык билим берүүнү изилдөөнүн негиздери

8. ЖОЖ компоненти: Информатиканы окутуунун методикасы

9. Тандоо курстары:

· Элементардык математиканын кошумча главалары

· Келечектеги математика мугалиминин компетенттик маанилүү сапаттары

· Математика боюнча класстан тышкаркы иштер жана олимпиадалык маселелер

· Математиканы окутууга компетенттүү мамиле

Б) Бакалавриат: “Информатика”

1. Информатиканы окутуунун методикасы

2. ЖОЖ компоненти: Математиканы окутуунун методикасы

3. Тандоо курстары:

· Информатика боюнча олимпиадалык маселелер Олимпиадные задачи по информатике

· Мектеп информатикасында программалоонун негиздери

· Информатиканы окутууга компетенттүү мамиле

В) Магистратура “Физика-математикалык билим берүү”

1. Учурдагы илимдин теориялык жана практикалык проблемалары

2. Илимий изилдөөнүн методологиясы жана методдору

3. Жогорку кесиптик билим берүүнүн технологиясы

4. Билим берүүдөгү инновациялык процесстер

5. Илимдеги жана билим берүүдөгү компьютердик символдук математика

6. Билим берүүнүн менеджменти, маркетинги жана экономикасы

7. Практикалар: башкаруучулук, илимий –педагогикалык

8. Илимий изилдөө иши

9. Физика-математикалык билим берүүдө предметтер аралык байланышы

10. Учурдагы дидактиканын проблемалары

11. Элементардык математиканын кошумча главалары

Г) Магистратура “Билим берүүдөгү менеджмент”

1. Илимий изилдөөнүн методологиясы жана методдору

2. Билим берүүдөгү инновациялык процесстер

3. Билим берүү концепциялары жана теориялары

4. Билим берүүнүн менеджментинин негиздери

5. Билим берүү системаларын долбоорлоо

6. Билим берүү системаларын жана адам ресурстарын башкаруу

7. Кесиптик ишмердүүлүктө маалыматтык технологиялар

8. Билим берүүнүн сапатына мониторинг

9. Сапаттуу билим берүүнү башкаруу

10. Жетектөө жана командада иштөө

11. Заманбап билим берүү технологиялары

12. Статистика/ Сапат жана сандык методдор

13. Тандоо курстары: а) окутууну баалоо

14.

Б) билим берүүнү ченемдик-укуктук камсыздоо

В) долбоорлорду башкаруу

Г) билим берүү уюмунун жетекчисинин иш маданияты

15. Практикалар: Илимий изилдөө, өндүрүштүк, илимий-педагогикалык Илимий изилдөө иши

Сыйлыктары
ОКУУ–УСУЛДУК КОЛДОНМОЛОР

 Акыркы 5 жылда чыгарылган окуу колдонмолор

- Аттокурова А.Дж. Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы. (540201) МАТЕМАТИКА адистиги үчүн типтүү, программа. Ош, 2011

- Оморов Ш.Д. “Математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы” кафедрасынын педагогикалык практика боюнча программасы Адистиги: (540201) Математика мугалими. Ош, 2011.

- Аттокурова А.Дж., Мамаюсупов М.Ш.,Садыков З.М. Алгебра жана анализдин башталышы боюнча тесттерди чыгаруу №1 бөлүк. Окуу усулдук колдонмо.Ош, 2013.

- Тагаев У.Б. Информатика боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун айрым методдору. Ош, 2013.

- Алтыбаева М., Тагаева З. Педагогикалык терминдердин сөздүгү. Ош, 2014.

- Келдибекова А.О., БайсаловДж.У. «Подготовка учителя математики к профориентации со школьниками». Ош, 2014г.

- Келдибекова А.О. Учебно-методические комплексы (программы и силлабусы) по образовательному менеджменту: дисциплины «Проектирование образовательных систем», «Управление образовательными системами», «Оценка обучения и преподавания»:Для магистрантов очного отделения с применением дистанционных технологий, обучающихся по специальности 580200 менеджмент в образовании.Учебное пособие.Типография «Билим» ОшГУ. Ош, 2015.

- Келдибекова А.О.Учебно-методические комплексы (программы и силлабусы) дисциплин «Методика преподавания математики», «Элементы конструктивной геометрии», «Основы элементарной математики», Дневник адаптационной психолого-педагогической практики «Школьный день»: Для студентов очного отделения специальности: 550000 – Педагогическое направление, 550200 – Физико-математическое образование, профиль подготовки «Информатика», «Математика», академическая степень: бакалавр. Ош, 2015.

Математиканы окутуунун методикасы, математика боюнча класстан тышкаркы иштер, маселе иштөө практикуму, информатиканы окутуунун методикасы боюнча окуу- методикалык колдонмолор электрондук формада даярдалды.

ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕРИ

Кафедранын окутуучулары А.Аттокурова 2008-жылы ОшМУнун “Мыкты ОМК”, А.Келдибекова 2011-жылы «Мыкты лектор» сынактарында 2-орунду ээлешкен. Кафедра «Мыкты окуу-методикалык комплекс-2010» сынагында Ош МУнун Ардак грамотасы, 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары үчүн компетенттүүлүк мамиленин негизинде түзүлгөн билим берүү программаларынын эң мыкты инновациялык окуу-методикалык комплекси” сынагында диплом менен менен сыйланган.

КафедраTEMPUS-EDUCAнын “Модернизация и развитие образовательных программ по педагогике и образовательному менеджменту в странах Центральной Азии” долбоорунун алкагында “Математика” (бакалавриат) жана “Билим берүү менеджменти” (магистратура) боюнча окуу пландарын, окуу программаларын иштеп чыгышты жана европалык экспертизадан жана мониторингден өткөрүштү.

Окутуучулар сапат кепилдигин камсыз кылуу максатында окутуу процессинде информациялык-коммуникациялык (компьютер, видеопроектор, электрондук доска, Wi-Fi интернет тармагы, электрондук окуу куралы ж.б.) жана педагогикалык технологияларды (РИТМО, инсанга багыттап окутуу, дидактикалык жана ишкер оюн, интерактивдүү окутуу ж.б.) активдүү колдонушат.

Кафедранын ар бир кеңешмесинде бакалавриат жана магистратура боюнча окутуунун жаңы технологиялары, маалыматтык технологиялар ж.б. колдонула тургандайбирден сабактын план-конспектилери талкууга коюлат. Окутуучулар ачык сабактарга катышуу аркылуумыкты окутуучулардын тажрыйбасын өздөштүрүүнү, жалпылоону жана жайылтууну эске алышат. Бакалавриатта жана магистратурада пландалган практикалардын мазмуну жана жекече тапшырмалар толукталып иштелип жатат.

Окутуунун модулдук - рейтингдик системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу багытындамагистрлердин жана бакалаврлардын өз алдынча иштерин уюштуруу ар түрдүү формада жүргүзүлөт:

а) МОМ жана ИОМ дисциплиналарында 5-11- класстардын математика жана информатика боюнча окуу китептерин ЖББ МББСна ылайык анализдөө; дидактикалык, таркатма материалдарды жасатуу;лабораториялык-практикалык жумуштарды кабыл алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө.

б) математикалык маселелер боюнча жекече решебник түздүрүү;

д) жумушчу программада көрсөтүлгөн өз алдынча иштерди уюштуруу, кафедралык журналда каттоо, аткарылышын көзөмөлдөө.

Кафедранын окутуучулары 2010-2012-жж. ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында «Инсанга багыттап окутуунун илимий жана практикалык негиздери», 2016-жылы CLIL методикасы боюнча квалификациясын жогорулатышкан.Кафедранын алдында түзүлгөн “Агартуу Академиясы” лабораториясынын алкагында окутуучулардын квалификациясын жогорулатуучу семинар-тренингдерди уюштуруу, бакалавриатта окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган мастер-класстарды өткөрүү пландары ишке ашырылмакчы..

профориентациялык иштери
информациялык пакет
Кафедранын башка илимий мекеме, жогорку окуу жайлар менен байланышы:

Кафедранын окуу жайлар жана өндүрүш менен байланыштары:

· Кыргыз билим берүү академиясы (КББА), И.Арабаев атындагы КМУ, ЖАМУ, Нарын МУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, ОГПИ, Ош МСУ, Ош ТУ, АлтГУ.

· Ош билим берүү институту, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы

Профессордук-окутуучулук курамы

Кафедранын эл аралык байланыштары:

Карагандинский государственный университет имени Е.А.Букетова

 

кафедра ТОМИ и ОМ

Ош ГУ

 

Казахский национальной педагогический университет имени Абая

 

Кызыл-Ординский государственный университет имени Коркыт-Ата

 

Кулябский государственный университет

 

Новосибирский государственный технический университет

 

Семипалатинский государственный педагогический институт

 

Таджикский государственный педагогический университет имени С.Айни

 

Худжантский государственный университет имени Гафурова

академиясыакадемиясы

электрондук китептер
Кафедранын материалдык –техникалык базасы

Ош МУнун Башкы корпусунда кафедрага караштуу кааналар: 231, 232, 237, 312- каана. Учурда 231-каана жалпы билим берүүчү, орто жана жогорку кесиптик мектептин математика жана информатика курсуна тиешелүү болгон 1500гө жакын аталыштагы окуу китептери жана окуу колдонмолору, предметтик журналдар, газеталар, окутуунун техникалык каражаттары (2 компьютер, лазердик принтер, принтер-сканер-ксерокс аппараты, электрондук окуу каражаттары ж.б.) менен жабдылган. Компьютерлер Интернет жана ОшМУнун Интранет тармактарына туташтырылган, окутуучулар Интернет тармагынан акысыз пайдаланышат.

232-каана “Агартуу Академиясы” лабораториясынын базалык окуу каанасы катары тандалып алынган.Каана капиталдык ремонттон өткөрүлүп офистик эмеректер (стол-стулдар, шкафтар),маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (электрондук доска, видеопроектор, компьютер) менен жабдылган,дидактикалык каражаттар менен (электрондук окуу колдонмолор, окутуунун жаңы технологиялары боюнча окуу колдонмолору жана журналдар ж.б.) толукталды.

237-каана мектеп тибинде (математиканы жана информатиканы окутуу каражаттары: плакаттар, көргөзмө куралдар, чийүү аспаптары ж.б.) жабдылган.

312-каана компьютердик класс тибинде болуп окутуунун техникалык каражаттары (компьютерлер, электрондук окуу каражаттары, информатиканы окутуунун методикасы боюнча окуу колдонмолор, лабораториялык сабактардын иштелмелери ж.б.) менен жабдылган. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин Интернет борбору аркылуу дүйнөлүк Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш (документтердин файлдарын, кабарларды, ж.б. маалыматтарды жөнөтүү жана кабыл алуу) FTP сервери жана ички Интранет тармагы аркылуу CommFort программасы менен жүргүзүлүүдө (Сервердин дареги: 192.168.1.21, порт 9730).