https://www.youtube.com/watch?v=KwT36_Lx3Cg&list=RDGMEMQ1dJ7wXfLlqCjwV0xfSNbAVMU8vTyIwzsB8&index=2

Кафедранын ишмердиги - студенттер үчүн татыктуу билим берүү, аларды азыркы замандын талаптарына толук ылайык келген кесипкөй, компененттүү адис кылып даярдоого багытталган. Окутууда натыйжалуу жаӊы маалыматтык технологияларын колдонууга чоӊ басым жасалган. Студенттердин билим алуусуна, илимий изилдөө иштерине жана ойлоп-табуучулук жөндөмүн өрчүтүүгө бардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн.
Кафедранын негизги максаты - “Колдонмо информатика” багыты боюнча техниктерди, бакалаврларды, магистрлерди жана “Колдонмо математика жана информатика” багытында бакалаврларды, магистрлерди даярдоо менен университеттеги бардык багыттардагы студенттерге заманбап компьютердик технологияларды кесиптик ишмердүүлүктөрүндө колдонууга үйрөтүү. Заманбап математикалык методдорду жана IT технологияларды экономикада колдонуу менен менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларда иштей алуучу кесипкөй адистерди даярдоо.
Информатика кафедрасы төмөнкү багыттагы адистерди даярдайт:
Магистратура:
510200. Колдонмо математика жана информатика
710300. Колдонмо информатика (экономика аймагында)
Бакалавриат:
510200. Колдонмо математика жана информатика
710300. Колдонмо информатика (экономика аймагында)
Орто кесиптик билим берүүчү адистиктер (9-11-кл. базасында):
230701. Колдонмо информатика (экономика аймагында);
Кафедранын дареги:
723500. Ош ш., Ленин к., 331, ОшМУнун башкы корпусу,
Математика жана информациялык технологиялар факультети,
Информатика кафедрасы, 222-каб.
Телефон: 03222-7-29-60, 0773-12-20-65
E-mail: obodoevag@mail.com
- Кызматы, максаттары жана милдеттери
Информатика кафедрасы «Колдонмо математика жана информатика» жана «Колдонмо информатика (экономика аймагында)» адистиктери боюнча студентттерди бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелинет. Кафедра төмөнкү багыттар боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт:
• «Колдонмо математика жана информатика», «Колдонмо информатика (экономика аймагында)» адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;
• кафедранын дисциплиналары боюнча окуу программаларын тиешелүү тартипте иштеп чыгуу, бекитүүгө сунуштоо, башка кафедралар тарабынан даярдалган окуу программалары боюнча корутунду-тыянактарды даярдоо;
• “Колдонмо математика жана информатика”, “Колдонмо информатика (экономика аймагындагы)” адистиктери үчүн окуу планында каралган кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык, лабораториялык жана башка сабактын түрлөрүн өткөрүү;
• Окутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен жогорку илимий-методикалык деңгээлдеги лекциялык, лабораториялык, практикалык жана башка сабактын түрлөрүн өткөрүү;
• Окутуунун жаңы, заманбап, инновациялык технологияларын, интерактивдүү методдорун билим берүү процессинде колдонуу;
• Кафедранын ишмердүүлүгүн жогорку сапатта уюштуруу;
• Тармактык компьютердик технологияны эффективдүү колдонуу;
• Компьютердик лабораториялык канааларды заманбап, жаңы программалык каражаттар менен өз убагында камсыз кылып туруу;
• Кафедрада окутулган дисциплиналар боюнча студенттерде билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу;
• “Колдонмо математика жана информатика”, “Колдонмо информатика (экономика аймагындагы)“ адистиктери боюнча заманбап, эмгек базарындагы жаңы шарттарга ийкемдүү, глобалдык маалыматтык мейкиндикке ориентир ала алган, ишмердүүлүгүндө жаңы маалыматтык технологияларды колдоно алган интеллектуалдуу адистерди калыптандыруу;
• Сабактарды практика менен тыгыз байланышта уюштуруу;
• Студенттердин өз алдынча иштөөсүнө, өндүрүштүк иштерге жана практикаларга, ошондой эле курстук жана дипломдук иштерге жетекчилик кылуу;
• Окуу-эсептөө, өндүрүштүк, квалификациялык, диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;
• Окутуучулар жана студенттер үчүн окуу-усулдук колдонмолорду басмадан чыгаруу;
• Лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактардын материалдарынын электрондук вариантын, электрондук окуу китептерин, колдонмолорун, ошондой эле электрондук окутуучу программаларды даярдоо жана студенттерге колдонууга жайылдыруу;
• Кафедранын илимий-методикалык иштерин жакшыртуу;
• Окутуучулардын жана студенттердин илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
• Окутуучулар жана студенттердин илимий иштеринин жыйынтыктарын өндүрүшкө кийирүү, жыйынтыкталган илимий иштерге басмадан чыгарууга рекомендацияларды, сунуштарды берүү;
• кафедранын мүчөлөрүнүн же башка ЖОЖдун ректораты тарабынан сунуш кылынган диссертацияларды кароо;
• Кафедранын окутучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
• Мыкты окутуучулардын иш тажырыйбаларын жалпылоо жана жайылдыруу;
• Бүтүрүүчүлөр жана аспиранттар менен системалуу байланышты уюштуруу;
• Студенттерге тарбиялык иштерди уюштуруу максатында ар түрдүү иш чараларды өткөрүү.
Академиялык мобилдуулук аааааа
Окуу-усулдук колдонмолор
1. Ободоева Г.С., Аширбаева А. Абдрасулов Ж. Элементардык математиканы кайталайбыз/ ОшМУ”Билим” 2008.
2. Ободоева Г.С., Зулпукарова Д., Жакыпбеков А., Шооруков А., Информатика/ Ош-МУ”Билим” 2008.
3. Ободоева Г.С., Шооруков А.,Жакыпбеков А.,Зулпукарова Д. Информатика предмети боюнча лабораториялык жумуштар/ Ош – 2009. «Максимум».
4. Артыкова Ж.А., Жанибеков Т.Ж., Артыкова Н.А. Qbasic программалоо тили/Окуу колдонмо, Билим - Ош: ОшМУ, 2009, - 96с.
5. Зулпукарова Д.И. «Информатика» колдонмо куралы/ Ош-2008.
6. Сагындыков М.К. «Алгебра боюнча лекциялар» Ош-2010г. 90 бет.
7. Сагындыков М.К. «Сандык методдордун негиздери» Ош-2011г. 200 бет.
окуу усулдук иштери
профориентациялык иштери
информациялык пакет
иш пландар
электрондук китептер