Чыгуу
  • Дүйшөмбү - Ишемби (9:00 - 17:00)

    Эс алуу - Жекшемби
  • Почта

    mftit@gmail.com
  • Байланыш

    +996 772 499 996

Компьютердик борбор

 

"КОМПЬЮТЕРДИК БОРБОР" ОКУУ ЛАБОРАТОРИЯСЫ 

Азыркы учурда Компьютердик борбордо 15 заманбап компьютердик класстар бар. Алардын баары интернетке туташтырылып, студенттер жана окутуучулар акысыз пайдаланышат. Башкы корпуста интернетти үзгүлтүксүз берүү үчүн WI-FI системасы пайдаланууда. Борбордо 11 адис эмгектенет. "Erinboard" үлгүсүндөгү 4 заманбап электрондук интерактивдүү доска жана жалпы 172 компьютер бар. Ар бир лаборант өзүнө тиешелүү болгон компьютердик кааналарга жооп берет жана биргеликте компьютерлерге окуу процессинде зарыл болгон баардык программаларды орнотуп, компьютердин системалык жактан толук иштешин көзөмөлдөйт. «Компьютердик борбор» окуу лабораториясында техникалык коопсуздук эрежелери толук сакталат. Ар бир компьютердик класста автоматтык шиттер бар. Окуу процесси аяктаган соң компьютерлер толук өчүрүлүп, электр энергиясынан ажыратылат. «Компьютердик борбор» окуу лабораториясында окуу процессине зарыл болгон программаларды үч портал аркылуу жүргүзүп келет. https://soft.oshsu.kg/ ,https://Компьютердик борбор жана http://kb.oshsu.kg/ бул сайттардан окуутучулар жана студенттер программаларды жүктөп, пайдалана алат. Мындан сырткары электрондук китептер, видео роликтер жайгаштырылган.

Структуранын дареги:
723500. Ош ш., Ленин к., 331. ОшМУнун башкы корпусу. Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту.
"Компьютердик борбор" окуу лабораториясы 316а-каб.
Телефон: 0772 499 809, 0709 739 922
E-mail: mftit@oshsu.kg

 

 

"Компьютердик борбор" окуу лабораториясы

МФТИТ институтунун "Компьютердик борбор" окуу лабораториясы 2009 – жылы Ош МУнун ректорунун № 491 - буйругунун негизинде Компьютердик базаны жана информациялык технологиялар багытындагы окуу-усулдук, илимий иштерди борборлоштуруу үчүн окуу иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиевдин демилгеси менен ачылган.
Алгач Компьютердик борбордун директору кызматына ф.-м. и. к. Арапбаев Русланбек Нурмаматович 2009-жылдын 3-августунда дайындалган жана компьютердик борборду негиздеп чыккан. Борборго МИТ факультетинин алдындагы информатика, программалоо, информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар (ИТАС), математиканы жана информатиканы окутуунун усулу кафедраларынын карамагындагы баардык компьютердик класстар жана тейлөөчү окуу - көмөкчү кызматкерлери кирген.2011- жылдын 2-сентябрынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович дайындалып, ийгиликтүү иштеп келген. ОшМУнун башкы корпусунун аудиторияларына видео байкоо камералары орнотулуп, факультетте локалдык тармак жаңыдан тартылып оптоволокондук кабель менен туташтырылган, бир топ аудиториялар капиталдык ремонттон өтүп, окуу класстарына жалюзилер орнотулган.
2013-жылдын 11-сентябрь айынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп Информатика кафедрасынын ага окутуучусу Нуранов Бактыбек Шермаматович дайындалды. Борбордо МИТ факультетинин сайты түзүлдү жана тиешелүү адистер тарабынан заманбап программалык жабдылыштар өздөштүрүлүүдө. Азыркы мезгилде борбордо 14 заманбап компьютердик класстар бар. Алардын баары интернетке туташтырылып, студенттер жана окутуучулар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү акысыз. Башкы корпуста кабельсиз интернетке чыгуу үчүн WI FI системасы үзүрлүү пайдаланууда. Борбордо 11 адис эмгектенишет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Адистиктер

 

1

510100

Математика

Бакалавр

2

510200

Колдонмо математика жана информатика
"Колдонмо математика жана информатика" багытынын "Big Data аналитик" (ПМИ)

Бакалавр

3

510700

Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо (МОАИС)

Бакалавр

4

550200

Физика-математикалык билим берүү адистиги
математика (ФМОМ)
информатика(ФМОИ)

Бакалавр

5

570400

"Дизайн" багытынын "Графикалык дизайн" (ГД)

Бакалавр

6

590100

Маалыматтык коопсуздук (МК)

Бакалавр

7

710100

Информатика жана эсептөө техникасы даярдоо багыты Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары профили (ИИБАС (АСОИУ))
Информатика жана эсептөө техникасы даярдоо багыты, Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларын программалык камсыздоо профили (ЭТАСПК (ПОВТАС))

Бакалавр

8

710200

Информациялык системалар жана технологиялар
(Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар профили) (ИСТЭ)

Бакалавр

9

710300

Колдонмо информатика.
* Экономикадагы колдонмо информатика (ПИЭ)
* Архитектурадагы колдонмо информатика(ПИА)
* Бизнес-процесстерди жана каржыны автоматташтырылган башкаруу адистиги (кош дипломдуулук)(АУБ).

Бакалавр

10

710400

Программалык инженерия даярдоо багыты.
Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо профили (ПИ)

Бакалавр

11

 

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия даярдоо багыты.
Саламаттыкты сактоодогу информатика профили (ИЗ)

Бакалавр

12

700500

Мехатроника жана робототехника адистиги (МР)

Бакалавр

13

 

Жасалма интеллект адистиги

Бакалавр

14

640200

Электроэнергетика жана электротехника" профили.
"Электр менен камсыздоо" (ЭС)

Бакалавр

 

 

 

 

 

                                            John                                                                                                    Нуранов Бактыбек Шермаматович           Женишбек кызы Гуллира           Бекешова Бермет Алтынбекова                                                                      Директор                                                   Башкы адис                                     Инженер программист

 

                                          John                                                                                                                 Жолдубаев Данияр Кайратович             Калилов Нуртилек Эралыевич             Абдуманапов Оробек Алымбекович                                                     Лаборант                                                      Лаборант                                                    Лаборант

 

 

                                                                                                                                                         Раев Кутман Сатибаевич                         Акназар кызы Канайым                              Шерболот уулу Нурадыл                                                                                       Лаборант                                                         Лаборант                                                          Лаборант

 

                                                                                                                                                                                                                                                      Адил уулу Элдияр                          Кубатбаев Дастан Маматысакович                                                                                                                                    Лаборант                                                             Лаборант

 

"Компьютердик борбор" окуу лабораториясынын максаттары жана милдеттери.

Максаттары жана милдеттери

* МФТИТ институтундагы «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо», «Информациялык системалар жана технологиялар», «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары», «Математика», «Информатика», «Колдонмо математика жана информатика», «Колдонмо информатика» адистиктеринде тиешелүү кафедралардын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды компьютердик класстарда ийгиликтүү өтүүсүн тейлөө;
* МФТИТ институтунан башка Дүйнөлүк тилдер, Исскуство,  факультеттеринин адистиктеринин группаларын да компьютердик класстарда программалык жабдылыштар менен камсыздап тейлөө;
* МФТИТ институтунун «ПОВТАС», «ИСТ», «АСОИУ» «ПИЭ», «ПИ», «ПМИ», «ГД» адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо заманбап жана инновациялык технологияларын камсыздап берүү;
* Студенттерге локалдык жана глобалдык тармакты ийгиликтүү уюштуруп берүү;
* Компьютердик класстарды регулярдуу түрдө заманбап программалык каражаттар менен камсыз кылуу;
* Студенттердин практикалык жактан жеке компьютерди өздөштүрүүсүн камсыз кылуу жана заманбап информациялык технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү;
* Институттун студенттеринин өндүрүштүк практикасын жогорку деңгээлде уюштуруу;
* МФТИТ институтунун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу өбөлгө түзүү;
* Окуп-үйрөнүү, өндүрүштүк, квалификациялык жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;

 

Илимий-изилдөө иштери

Борбордун лаборанты -экономист программист Умаров Тилек Муталибович ОшМУнун магистратуура бөлүмүнө магистрант болуп 2016- жылдан баштап тапшырды. Азыркы учурда өзүнүн илимий темасы боюнча иш алыпбарып жатат. Илимий темасы: WEB тиркемелерди колдонуп компьютер сатуучу электрондук дүкөн түз

Окутулуучу дициплиналар

Байланышуу
   
   Нуранов Бактыбек Шермаматович

  Телелефон: 0772 499 809

  Whatsapp: 0772499809

  Email: mftit@oshsu.kg

 

Окуу-усулдук колдонмо
окуу усулдук иштери
профориентациялык иштери
информациялык пакет

2024-2025-окуу жылдары үчүн "Компьютердик борбор" окуу лабораториясынын иш планы.

2024-2025- окуу жылы үчүн иш план

 

электрондук китептер

 

«Компьютердик борбор» окуу лабораториясы

 

1

302

“Визуалдык программалоо” лабораториясы

16

Intel Core i5-9400F, 4000 MHz(40x100)

Жолболдуев Данияр

2

303

“Мультимедиа тиркемелерди иштеп чыгуу” лабораториясы

25

Intel (R) Core™ i5-8400 CPU @ 2.80GHz 2.81GHz

Адил уулу Элдияр

3

304

“Тиркемелерди төмөнкү деңгээлдеги программалоо тилдеринде долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

10

Intel(R)Core™ i5-10400F CPU @2.90GHz

Калилов Нуртилек

4

305а

“Web-тиркемелерди долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

11

Intel (R) Core™ i3-4150 CPU 3.50GHz

Абдуманапов Орозбек

5

305б

“Web-тиркемелерди долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

10

Intel (R) Core™ i3-4160 CPU @ 3.60GHz

Абдуманапов Орозбек

6

306

“Информатиканы окутуунун методикасы” лабораториясы

10

Intel(R)Core™ i5-10400F CPU @2.90GHz

Раев Кутман

7

307

“Жасалма интеллект жана логикалык программалоо” лабораториясы

10

Intel® Core™ i5-12400F 4.4GHz

Акназар кызы Канайым

8

308

“Экономикадагы колдонмо информатика” лабораториясы

13

Intel(R) Core™ i5 9400F 2.90GHz

Акназар кызы Канайым

9

310а

“Компьютердик долбоорлоо жана инженердик графика” лабораториясы

10

Intel(R)Core™i3 -4150 CPU @3.50GHz

Шерболот уулу Нурадыл

10

310б

“Компьютердик долбоорлоо жана инженердик графика” лабораториясы

10

Intel(R)Core™ i3 -4150 CPU @3.50GHz

Шерболот уулу Нурадыл

11

311

“Жогорку деңгээлдеги тилдерди программалоо” лабораториясы

10

Intel(R)Core™ i5-10400F CPU @2.90GHz

Шерболот уулу Нурадыл

12

312

“Программалык камсыздоо” лабораториясы

11

Intel(R)Core™ i3 -4150 CPU @3.50GHz

Раев Кутман

13

314

“Колдонмо математика жана компьютердик моделдештирүү” лабораториясы

10

Intel ® Core™ i5 CPU,650 3.20GHz 3.18 GHz

Калилов Нуртилек

14

315

“Компьютердик графика” лабораториясы

7

Intel(R) Core™ i3-4160 CPU @ 3.60Hz

Кубатбаев Дастан

15

316б

“Берилген базасын долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

9

Intel(R) Core™ i3-7100 CPU @ 3.90GHz

Кубатбаев Дастан

Жалпы

 

172

 

 

 

                                                

                                              302-аудитория                                                         303-аудитория                                                                   304-аудитория                                             

 

                                                

                                           305(а)-аудитория                                                       305(б)-аудитория                                                                     306-аудитория                                            

        

                                                  

                                              307-аудитория                                                               308-аудитория                                                                  310(а)-аудитория                                                     

                                            

                                             310(б)-аудитория                                                                311-аудитория                                                     312-аудитория     

  

                                           

                                             314-аудитория                                                   315-аудитория                                                         316(б)-аудитория

 

«Компьютердик борбор» окуу лабораториясынын директору:                                                     Нуранов.Б.Ш