Чыгуу
  • Дүйшөмбү - Ишемби (9:00 - 17:00)

    Эс алуу - Жекшемби
  • Почта

    mftit@gmail.com
  • Байланыш

    +996 772 499 996

Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу

  • Физика мугалимдеринин мектепте физика предметин окутуу боюнча методикалык потенциалын өстүрүү, окутуунун инновациялык технологияларын иш тажрыйбаларында ийгиликтүү колдонууга жетиштирүү. Университеттик илимдин мыкты салттары аркылуу алдынкы университеттер менен тыгыз кызматташуу жана табигый, фундаменталдык, прикладдык илимдердеги изилдөөлөрдүн натыйжалуулугуна жетишүү.
  • Бакалавр, магистранттарды патриоттуулукка, гуманизимге, адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, улуттар арасындагы достукка тарбиялоо. Азыркы коомго керектелүүчү билимдерге жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон педагогдорду даярдоо менен билимдин, илимдин жана маданияттын атактуу ордосу болууга жетишүү.
  • Билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн билим берүүчүлүк чөйрөнүн жаңы, анын ичинде маалыматтык шарттарын долборлоодо жаңычыл (инновациялык) идеяларды сунуш кылууга жөндөмдүү бүтүрүүчүнү даярдоо;
  • Башкарылма системаны курчаган чөйрөнүн бар мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алууга жана башкаруунун сапатын камсыздоону өнүктүрүү жолдорун долбоорлоо үчүн окутуунун заманбап технологияларына өз демилгеси менен ээ болуп алууга жөндөмдүү физика мугалимин даярдоо.
  • Ар түрдүү билим берүүчүлүк уюмдардагы (билим берүү мекемелеринде жетекчилик кызматтарда жана инженердик тармактарда, орто жана жогорку окуу жайларда, илим изилдөө институттарында) билим берүү процессти түрдүү деңгээлдерде уюштуруунун жана ишке ашыруунун заманбап методикаларын жана технологияларын колдонууга жөндөмдүү физика мугалимин даярдоо.
  • Факультеттеги 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын «Физика» профилинин магистратура жана бакалавры боюнча кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды алып баруу жана жогорку квалификациялуу бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо;
  • Окутуунун жаңы, заманбап жана инновациялык технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү;
  • Кафедранын лабораторияларын регулярдуу түрдө заманбап каражаттар менен камсыз кылуу;
  • Студенттерде кафедрадагы окутулуучу дисциплиналар боюнча билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды калыптандыруу;
  • Студенттерди окутууда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тиешелүү адискатарында колдоно билүүгө көнүктүрүү;
  • Педагогикалык багыттагы адистиктердеги студенттерди алган билимдерин иш жүзүндө пайдалана билүүгө калыптандыруу;
  • Окутууну мектеп менен тыгыз байланышта алып бару жана заманбап иновациялык технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү;
  • Кафедранын ишин жогорку сапаттык деңгэээлде уюштуруу;
  • Лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактарды окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен жогорку илимий – усулдук деңгээлде алып баруу;
  • Кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоону өркүндөтүү;
  • Кафедранын илимий-методикалык иштерин уюштуруу;
  • Окутуучулар, студенттер үчүн методикалык окуу – колдонмолорду жарыкка чыгарууну өркүндөтүү;
  • Кафедранын багыттары боюнча илимий – изилдөө иштерин аткаруу;
  • Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
  • Окуп-үйрөнүү, кесиптик-базалык, кесиптик-профилдик практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;
  • Студенттер үчүн маданий–тарбиялык иш –чараларды жүргүзүү.

Кафедранын тарыхы иш жүзүндѳ 1939-жылдан башталат деп айтуу негиздүү. Анткени 1939-жылы Ош мугалимдер институту ачылганда андагы окуу мѳѳнѳтү 2 жыл болуп, курамында тарых-филология, физика-математика жана табият таануу-география факультеттери болгон. Бирок азыркы учурда ошондогу физика-математика факультетинде кайсы кафедралар болгондугу жѳнүндѳ маалыматтарды иликтеп издеп табуу иштери дурус натыйжа бербегендиктен, ушул факультетте «Физика» кафедрасы да сѳзсүз бар болгондугун факультеттин аталышына таянып болжолдой алабыз.

Ошол кафедранын жаш муундарды физикалык илим-билимге тартуу боюнча ишмердигинин жетишээрлик жемиштүү экендигин бир факт айгинелеп турат – Ош мугалимдер институтун 1944-жылы аяктаган физик бүтүрүүчүлѳрдүн арасында кийинчерээк белгилүү окумуштуулардын катарына кошулган физика-математика илимдеринин доктору, профессор Липманов Эммануил Моисеевич да бар болгон (соңку мезгилде ал АКШ мамлекетинде жашагандыгы жѳнүндѳ маалыматтар бар).

Половиков Ф. И.

Биздин кафедрабыздын тарыхы боюнча даректүү берилмелер түрдүү маалыматтык булактарда 1951-жылы педагог адистерди 4 жылдык мѳѳнѳттѳ даярдоочу Ош мамлекеттик педагогикалык институту (ОшПИ) ачылган мезгилден бери карай кыйла так белгиленип жазылып калган. Атап айтканда, «Физика» кафедрасын 1951-жылдан баштап доцент Половиков Федор Иосифович жетектеген. Ошол кезде кафедрада улук окутуучулар Мичиковский Б. А., Карымшаков Э., Шустров В. А., Джалалов М. С., Ахмедова С. Б. жана окутуучулар Вендрова К. Н., Черненко В. П., Сидляренко В. И., окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер Соколова Н. Т., Половикова А. И., Дядина В., Якубов М., Чуденков В., Брусникина З. И. эмгектенишкен.

Белгилеп коюучу жагдай – Половиков Ф. И. 1951-1953-жылдары физика-математика факультетинин деканы, ал эми 1953-1955-жылдары ОшПИнин ректору болуп иштеген.

Андан кийинки ѳткѳн 70 жылдан ашуун убакыт ичинде «Физика» кафедрасы кѳптѳгѳн ѳзгѳрүүлѳргѳ учурады – бир нече жолу кафедрадан башка кафедралардын бѳлүнүп чыгуусу жана кайра биригүүсү орун алды, анын аталышы эки ирет ѳзгѳрдү, ошондой эле албетте, кафедранын жамаатынын курамы жана аны жетектеген адистер да кѳп жолу алмашты, материалдык-техникалык базасы бир нече ирет жаңыланып, толукталды.

Айтсак, соңку 35-40 жылдай убакыт ичинде эле кафедранын курамында болгон ѳзгѳрүүлѳрдү тѳмѳнкү сүрѳттѳр учкай күбѳлѳндүрѳт.

1982-1991-жылдар

Алдыңкы катар: ортодо кафедра башчысы доцент Сидляренко В. И., анын оң жагында улук окутуучу Жузенова М. Б., эки четте окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер – сол жакта Касымова А., оң жакта

Сыдыкова Ш. М., Беспалова Т. С.

Арткы катарда: ар кыл жылдарда кафедраны жетектеген окутуучулар (оңдон солго 1-2-, 4- жана 6 -чы): улук окутуучу Черненко В. П., доценттер Дуйшонов Э., Аллахунов Б., Меңдибаев К. Р., оңдон 3-чү жана 5-чи – окутуучу Ѳмүрбеков М. жана окуу-кѳмѳкчү кызматкер жигит

ОшПИ, Башкы корпустун алдында

ОшМУ, Башкы корпус, №235-каана

1999-жыл

Отургандар (солдон оңго): Кафедра башчысы доцент Аллахунов Б., доцент Алтыбаева М. (МОУ кафедрасынын .башчысы),

окутуучу Сыдыкова Ш. М.,

доцент Папиев М.

Тургандар: сол четте окутуучу Аманбай у. А., солдон 4-5-чи: улук окутуучу Жуманова М. М. жана окутуучу Омаралиева З. И.,

оң четте: улук окутуучу Курбаналиев М. Б. Тургандардын арасында окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер жана коноктор бар.

2010-жыл

Сол жак (тѳрдѳн бери карай): Кафедра башчысы доцент Эгембердиев Ж., лаборатория башчысы Уметалиева Д.,

окутуучу Калбекова М. Ж., лаборант кыз (Самара), окутуучу Кожобекова П.,

улук лаборант Маматова Ш.,

Оң жак (тѳрдѳн бери карай):

доцент Халиуллин Р. Н., улук окутуучу Курбаналиев М. Б.,

доцент Жуманова М. М., окутуучу Сыдыкова Ш. М., улук окутуучу Омаралиева З. И., лаборанттар Жылчыева Г., Быймырзаева М.

ОшМУ, Башкы корпус, №238-каана

ОшМУ, Башкы корпус, №235-каана

2016-жыл

Отургандар: Кафедра башчысы доцент Омаралиева З. И., (ортодо), анын эки тарабында солдон оңго: доценттер Халиуллин Р. Н., Эгембердиев Ж., улук окутуучу Курбаналиев М. Б., улук окутуучулар Сыдыкова Ш. М., жана Эгемназарова А. Ж.,

доцент Жуманова М. М.

Тургандар, солдон оңго: окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер Быймырзаева М., Дуйшобаева М., Молдоярова Ж. М., Закир к. Г.






































































Ал эми «Физика» кафедрасынан башка кафедралардын ѳсүп чыгуу жана кафедранын аталышынын ѳзгѳрүү процесстери тѳмѳнкүчѳ жүргѳн:

1965-жылы «Физика» кафедрасы «Жалпы физика» жана «Эксперименталдык жана теориялык физика» кафедраларына бѳлүнгѳн. 1978-жылы ушул эки кафедранын эсебинен дагы бир кафедра – «Физиканы окутуунун усулдугу жана окутуунун техникалык каражаттары» кафедрасы түзүлгѳн. 1995-жылы «Физиканы окутуунун усулдугу жана окутуунун техникалык каражаттары» кафедрасы жоюлган жана анын жамааты «Жалпы физика» кафедрасынын курамына кошулуп, кафедра «Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулдугу» (кыскача «Жалпы физика жана ФОУ») кафедрасы деп аталган. Аны ошол мезгилден тартып бүгүнгѳ чейин бир катар учурларда «Жалпы физика жана физиканы окутуунун методикасы» кафедрасы деп да атап келишет. 2003-жылы «Эксперименталдык жана теориялык физика» жана «Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулдугу» кафедраларынан «Техникалык дисциплиналар» кафедрасы бѳлүнүп чыгып, ал 2006-2009-жылдары «Технологиялык процесстер жана колдонмо физика» кафедрасы деген аталыш менен иш жүргүзгѳн. 2009-жылы «Технологиялык процесстер жана колдонмо физика» кафедрасы жоюлуп, анын жамаааты кайрадан «Жалпы физика жана ФОУ», «Эксперименталдык жана теориялык физика» кафедраларынын жамааттарынын курамына бириккен.

Адегенде «Физика» кафедрасы, 1995-жылдан тартып азыркы убакка чейин «Жалпы физика жана ФОУ» деп аталган ушул кафедрада анын башчысы болуп доцент Ф. И. Половиковдон кийин түрдүү жылдарда Кармышаков Э., Абдылдаев А., Черненко В. П., Луканцевер Ю. Л., Заитов Ф. Н., Койчуманов М., Текенов Ж., Сидляренко В. И., Дүйшенов Э., Исмаилов Ш., Меңдибаев К., Бабаев Д., Аллахунов Б.,

Эгембердиев Ж., Омаралиева З. И. үзүрлүү эмгектеништи. 2020-жылдын

октябрь айынан баштап кафедраны доцент Жуманова М. М. жетектейт.

Кафедра өз ишмердигинин алгачкы жылдарында физика-математика факультетинде жалпы физика, теориялык физика жана физиканы окутуунун усулдугу боюнча окутуу процессин, ошондой эле ОшПИнин башка факультеттеринде – физика предметин окутуу процессин толук тейлеп турган. «Эксперименталдык жана теориялык физика» ж. б. кафедралар пайда болгондон кийин, «Жалпы физика жана ФОУ» кафедрасы болочок физика мугалимдерине жалпы физика жана физиканы окутуунун усулдугу боюнча сабактардын ѳтүлүшүн, курстук, дипломдук иштердин аткарылышын, педагогикалык практиканын жүзѳгѳ ашырылышын, ОшПИнин (ОшМУнун) кээ бир факультеттеринде физика предметинин окутулушун замандын талабына ылайык камсыздап келген.

2006-жылдан бери карай кафедра Физика-техника факультетинин курамында жана ѳз функцияларын ОшМУнун омоктуу кафедраларынын бири катарында мурдагыдай эле татыктуу аткарып келатат.

Ош мугалимдер институту түзүлгѳн 1939-жылдан тартып 80 жылдан ашуун, ал эми Ош мамлекеттик педагогикалык институту ачылгандан бери карай ѳткөн 70 жылдын ичинде кафедранын жамааты өлкөбүздүн эл чарбасы үчүн көп миңдеген адистерди даярдоого катышты, кафедранын окуу-усулдук, материалдык-техникалык базаларын өнүктүрдү, мектеп менен байланышты үзбѳй, дайыма жетиштүү деңгээлде кармап келди.

Кафедрада илимий жана илимий-усулдук иштер да дайыма физика жана окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (физика) багыттары боюнча аткарылып, алардын натыйжалары түрдүү деңгээлдеги илимий жана илимий-практикалык конференцияларда, семинарларда талкууланып, илимий журналдарда жарыяланып турган. Кафедранын жамааты бир катар окуу, окуу-методикалык куралдарды жана колдонмолорду кыргыз жана орус тилдеринде иштеп чыгып, жарыкка чыгарган, бул окуулуктар Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларынын окутуу практикасында узак жылдар бою кеңири колдонулган, алардын айрымдары алиге чейин колдонулуп келе жатат.

Учурда кафедра университетибиздин күндүзгү жана сырттан окуу бѳлүмдѳрүндѳ 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын «Физика» профили» боюнча бакалавриат, магистратура деңгээлдериндеги негизги билим берүүчүлүк программалардын жүзѳгѳ ашырылышын жана бир катар башка адистиктердин окуу программаларына кирген физика предметинин окутулушун камсыз кылат.

  Тарыхы жазгул

Илимий-изилдөө иштери
Окутулуучу дициплиналар
Сыйлыктары
TExt
окуу усулдук иштери
TExt
TExt
Байланыштары
TExt

Кафедранын материалдык – техникалык базасы.

Физика адистигинин мамлекеттик стандартына ылайык кафедрада лекция демонстрацияларды даярдоочу бир препаратордук бөлмө, 5 окуу лабораториясы иштейт. Окуу лабораториялары жана кабинеттери керектүү физикалык приборлор жана курулмалар, окутуунун техникалык каражаттары (компьютерлер, лазердик принтер, принтер-сканер-ксерокс аппараты, электрондук окуу каражаттары ж.б.) жетишээрлик деңгээлде камсыз болгон, жыл сайын алар окуу процессинде сарпталуучу материалдар, окутуучу программалар, видео материалдар менен толукталып турат. Компьютерлер ОшМУнун интернет тармактарына туташтырылган, окутуучулар интернет тармагынан акысыз пайдаланышат. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин интернет борбору аркылуу дүйнөлүк Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш (документтердин файлдарын, кабарларды, ж.б. маалыматтарды жөнөтүү жана кабыл алуу) FTP сервери жана ички Интернет тармагы аркылуу CommFort программасы менен жүргүзүлүүдө (Сервердин дареги: 192.168.1.21, порт 9730).

Препаратордук бөлмө

(№200-аудитория, аянты 39 м2, эки бөлмөдөн турат)

Препаратордук бөлмөдө университеттин жалпы физика курсунун программасы боюнча лекциялык демонстрацияларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү приборлор жана көрсөтмө куралдар жыйналган. Демонстрациялар окутуучулардын алдын ала беришкен буюртмалары боюнча даярдалат жана өз убагында лекция, практика жана лабораториялык сабактарды коштоп, сабактын сапаттуу өтүшүнө өбөлгө түзөт. Интернет тармагына туташтырылган 2 компьютер, 1 принтер менен камсыздалган

Физиканы окутуунун усулу, мектептик физикалык эксперимент лабораториясы

(№204-аудитория, аянты 46 м2)

Физика мугалимдерине кесиптик квалификациясын жогорулатууга жардам берет. Лабораториянын жабдылышы мектептин физика курсу боюнча демонстрацияларды көрсөтүүгө жана лабораториялык иштерди коюуга ылайыкташкан. Студенттер лабораторияда физикадан сабак өтүүгө, өз алдынча физикалык демонстрацияларды коюуга жана лабораториялык сабактарды өтүүгө көнүгүшөт. Интернет тармагына туташтырылган 2 компьютер менен камсыздалган.

Электромагнетизм лабораториясы

(№207-аудитория, аянты 46 м2)

Лаборатория Бишкек политехникалык университетинин конструктордук бюросунда жасалган блокторго жайгаштырылган типтүү курулмалар менен жабдылган. Буларга кошумча лабораторияда ГЗ-123 тибиндеги 7 төмөнкү жыштыктагы генератор, С1-99 жана С1-83 маркадагы 10 универсалдуу 2 нурдуу осциллограф бар. Иштердин баяндамалары окуу колдонмосунда берилген. Интернет тармагына туташтырылган 2 компьютер менен камсыздалган.

Механика жана молекулалык физика лабораториясы

(№229-аудитория, аянты 46 м2)

Электрондук доска орнотулуп, физикалык тажрыйбаларды жүргүзүү, алынган маалыматтарды пайдаланып тыянак чыгаруу, каталыктарды эсептөө, өлчөгүч куралдарды тандоо жана пайдалануу боюнча алгачкы кадамдар жасалат. Механика боюнча лабораториясы: лабораториялык иштердин Польшада даярдалган курулмалары менен жабдылган. Молекулалык физикадан лабораториялык иштердин курулмаларын негизинен кафедранын окутуучулары жана кызматчылары түзүшкөн. Бардык лабораториялык жумуштардын баяндамалары окуу колдонмосу көрүнүшүндө басмадан чыккан. Лаборатория электрондук доска, проектр жана интернет тармагына туташтырылган компьютерлер менен камсыздалган. Анда физика курсу боюнча компьютердик эксперименттерди жүргүзүүгө болот.

Жалпы физика жана компьютердик технологиялар лабораториясы

(№234-аудитория)

Математика, информатика, колдонмо математика жана информатика, ЭТАСПЖ, ИСжТ адистиктери үчүн жалпы физикадан лабораториялык практикумдарды өткөрүү үчүн ылайыкташтырылган лаборатория. Мында окуу планына ылайык физиканын бардык бөлүмдөрү боюнча лабораториялык иштер коюлуп, иштердин баяндамалары орус жана кыргыз тилинде даярдалган. Электро-радио өлчөөлөр техникасы, импульстук жана сандык техника, электрондук-эсептөө техникасынын физикалык негиздери, окутуунун компьютердик технологиялары боюнча лабораториялык иштерди камтыйт.

Оптика, атомдук ядронун жана элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы лабораториясында

(№235-аудитория, аянты 54м2)

Геометриялык жана толкундук оптиканын, кванттык физиканын маселелерин, оптикалык куралдардын иштөө принциптерин окуп үйрөнүүгө арналган лабораториялык иштер коюлган. Анда жарык кубулуштары, элементардык бөлүкчөлөрдүн касиеттери, алардын негизги мүнөздөмөлөрү (заряды, массасы) жана космос нурлары, алардын курамы окуп-үйрөнүлөт. Лаборатория интернет тармагына туташтырылган 1 компьютер менен камсыздалган.