Башкы бет
Кафедранын тарыхы
Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасы 2020- жылдын 26-августунда ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековдун № 65-ФХД буйругу менен түзүлгөн. Учурда 25 профессордук¬окутуучулук курам эмгектенет: 3 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты, 3 улук окутуучу, 12 окутуучу, 1 методист, 2 лаборант.
Кафедраны ф.-м. и. к., доцент Азимов Бектур Абдырахманович 2020-жылдан 2024-жылга чейин жетектеп келди. 2024-жылдан тех.и.к., доцент Жолдошов Толкунбек Мамытович жетектеп келүүдө. Жаңы технология, жаңы программаларды өздөштүрүү, заман менен бирге өнүгүү максатында окутуучулар ишемби күндөрдү семинарларды уюштуруп, билим жана тажрыйба алмашышат.
М.В. Ломоносов атындагы МГУ менен КМИ адистиги магистратура багытында кош дипломдуулук программасын ишке ашырат. It тармагында билим алууну каалаган, жаштар үчүн “BIG Data analytics” адистигин ачылган жана бул адистик Кытай Элдик Республикасынын Нанкинг технологиялык университети менен кош дипломдук программасын ишке ашырат.
2023-жылдан баштап «Колдонмо математика жана информатика» адистиги боюнча PhD докторанттарды даярдап келет.
2022-жылдан баштап ар жыл сайын апрель айында кафедра тарабынан “Stud Expo” аталышындагы эл аралык студенттердин көргөзмөсү боюнча конкурс уюштурулуп, ийгиликүү өткөрүлүп келет.
2022-жылдын ноябрь айында "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом" долбоорунун алкагында уюшулуп жаткан "Мейкатон 2022" аталышындагы иш чарада кафедранын окутуучулары Камалов Султанбек, Равшан уулу Сыймыктын жетекчилигинде түзүлгөн команда 1-орунду камсыздаган. 2023-жылы Казань шаарында өткөн Эл аралык Digital Skills чемпионатында кафедранын окутуучусу Камалов Султанбек 2-орунду ээлеп күмүш медал менен сыйланган. Аталган чемпионатта кафедра башчысы, доцент Б.Азимов судялык милдетти аткарып келди. 2024-жылы Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинде биринчи жолу Фиджитал оюндары I аталыштагы жаңы форматтагы киберспорт турнирин уюштурду.
Эмгек менен бирге кафедранын жамааты Сары-Челек, Арсланбап, Кара-Алма, Кара-Камыш, Көлдүк, Изумуруд көлү өңдү кооз жерлерге барып, жаратылыш койнунда эс алып келүүнү адатка айландырган. Учурда кафедрада Колдонмо математика жана информатика адистиги: бакалавр, магистр, PhD; колдонмо математика жана информатика адистигинин BigData профилинде бакаларв; Дизайн адиститгинин графикалык дизайн профилинде бакалавр программалары боюнча адистиктерди даярдайт. Кафедра даярдаган адистиктердин студенттеринин жалпы саны 875.
Илимий-изилдөө иштери
Илимий-изилдөө иштери
Окутулуучу дициплиналар
Сыйлыктары
окуу усулдук иштери
материялдык-техникалык базасы