Чыгуу
  • Дүйшөмбү - Ишемби (9:00 - 17:00)

    Эс алуу - Жекшемби
  • Почта

    mftit@gmail.com
  • Байланыш

    +996 772 499 996

Математикалык анализ

Башкы бет

Тарых


Математикалык анализ кафедрасы 1971-жылы «Жогорку математика» кафедрасынын ббдылдаев, Г.Маматурдуев, Т.Чинкараев, А.Папиков, С.Каримов, Р.Таиров, А.Апиевдер.

Эмгек жолдорун математикалык анализ кафедрасында баштап, ар түрдүү мезгилдерде кафедрада университеттин жана факультеттин өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп келген окутуучулар эмгектенишкен: университетте илимий иштери боюнча проректору кызматында 1978-1988-жылдары, ал эми 1969-1978 жана 1988-1999-жылдары физика-математика факультетинин деканы кызматында эмгектенип факультеттин илимий-педагогикалык потенциалын жогорулатууга өзүнүн салымын кошкон КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент С.А.Абдыкалыков; КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.А.Алымкулов; ага окутуучулар – Т.С.Сманов, Р.А.Мурзаханова, А.Р.Сергеев, И.К.Карасаев,



А.А.Апиев, Т.Сыдыков, А.Абдижалилов; 1999-2011-жылдары математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы кызматында, 2011-2016-жылдары ОшМУнун окуу иштери проректору кызматында, 2016-жылдан бери ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору кызматында эмгектенип келген физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Абдувалиев; ЖаМУнун окуу иштери боюнча проректору кызматында эмгектенген физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С.Алыбаев; ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору кызматында эмгектенген программалоо кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор А.С.Сопуев;физика-математика

Кафедра мүчөлөрү, 2012-ж.

илимдеринин кандидаты, доцент М.Ш.Мамаюсупов; Россия мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалынын директору физика-математика илимдеринин кандидаты, экономика илимдеринин доктору, профессор С.Т.Турдубаев; 2007-2008-жылдары Программалоо кафедрасынын башчысы, 2008-2011-жылдары Окуу-маалымат департаментинин директору, 2011-жылдан бери ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Г.М.Анарбаева; үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директорунун орун басары, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.А.Азимбаев; физика-математика илимдеринин доктору, профессор Д.Турсунов; ага окутууулар – Ю.Аманбаева, О.Б.Арипов, К.Алиев, А.Жолдошев, Кудайберди ж.б.

Кафедра мүчөлөрү, 2018-ж.

Кафедрада эмгектенип жүрүп кандидаттык жана доктордук диссертацияларын С.К.Каримов (1967,1984,Киев), М.Ш.Мамаюсупов (1987,Новосибрск), А.О.Абдувалиев (1984,Москва), К.С.Алыбаев (1995,Бишкек), Г.М.Анарбаева (1993,Бишкек), Д.А.Турсунов (2005,Бишкек), М.А.Азимбаев (2010,Бишкек), А.К.Тойгонбаева (2015,Ош) ийгиликтүү коргошкон.

Кафедра мүчөлөрү, 2018-ж.

1971-1972-жылдары кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Абдылдаев жетектеген. Андан кийин 1972-1973-жылдары кафедранын башчылык милдетин физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Т.Чинкараев аткарган. 1974-1976-жылдары кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Маматурдуев жетектеген. Ал эми 1977-2018-жылдары кафедранын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, окутуучулардын педагогикалык чеберчилигинин жана илимий изденүүчүлүгүнүн өсүшүнө көмөк көрсөтүп келген, сингулярдык козголгон дифференциалдык тендемелерди изилдөө багытындагы илимий мектептин жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор С.К.Каримов көп жылдар бою кафедраны ийгиликтүү жетектеп келди.


2018-жылдын 23-октябрынан 2021- жылдын май айына чейн кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент А.К.Тойгонбаева жетектеген.








2021-жылдын май айынан баштап математикалык анализ кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп, ага окутуучу Акматов Абдилазиз Алиевич жетектеп келүүдө







2024-жылдын 3- сентябрынан математикалык анализ кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты доцент, А.А. Абдилазизова жетектеп келүүдө.








Тарых

Кызматы, максаттары жана милдеттери

Кафедра «математика жана информатика», «колдонмо математика жана информатика», «информатика» багытындагы студенттер үчүн адистешкен.

- Күндүзгү сырткы окуу бөлүмдөрүндө окуу планына ылайык лекциялык, практикалык сабакты өткөзүү;
- Курстук жана дипломдук жумуштарга, өз алдынча иштерге жетекчилик кылуу;
- Окуу колдонмолорун, окуу-усулдук колдонмолорун жарыкка чыгаруу;


Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү:

- План боюнча бекитилген илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жана уюштурулушун талкулоо;
- Студенттердин илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуу;
- “01.02.02 – дифференциалдык теңдемелер” адистигинде аспиранттардын илимий ишин талкулоо;
- Аспиранттардын системалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүнө көмөк, көргөзүү, сапаттуу аттестациялоо;
- Студенттер, аспиранттар жана окутуучулар үчүн илимий семинар өткөзүү;
- Илимий макалаларды жыйнактарга сунуш кылуу, илимий педагогикалык кадрларды даярдоо;
- Студенттер арасында маданий-тарбиялык иш-чараларды уюштуруу;
- Башка окуу жайлар жана илимий мекемелер менен байланышта болуу

John

АБДИЛАЗИЗОВА АКБЕРМЕТ АБДИЖАЛИЛОВНА

Резюме

John

Селиванова Нина Сергеевна

Резюме

John

Тойгонбаева Айзат Куралбековна

Резюме

Пирматов Абдыманап Зияйдинович

Резюме

John

Кудуев Алтынбек Жалилбекович

Резюме>

Токторбаев Айбек Мамадалиевич

Резюме> src=https://base.oshsu.kg/images/img.png>

Абдирайимова Назигай Абдинабиевна

Резюме>

Маматова Венера Тотктобаевна

Резюме>

Камбарова Айсалкын Даминовна

Резюме>

Мурзабаева Айтбу Бусурманкуловна

Резюме

Ажимаматова Катыча Эрмаматовна

Резюме

Мурзакматова Зияда Жумабаевна

Резюме

Эсенбай уулу Суйунбек

Резюме

Маткалык кызы Кымбат

Резюме

Арстанбеков Амантур Кушбакович

Резюме

Замирбек кызы Наргиза

Резюме

Ильичбек кызы Айкөкүл

Резюме

Маникова Роза Ахмаджановна

Резюме

Дарбанов Эльстан Ооматбекович

Резюме

Бактыбек уулу Бексултан

Резюме

Мамаджанова Кылымгул Маматовна

Резюме

       Кафедра мүчөлөрдүн илимий-изилдөө иштеринин алынган жыйынтыктары кафедранын алдында уюштурулган студенттер, аспиранттар, окутуучулар үчүн өткөрүлүүчү илимий семинарда талкууланып, регионалдык, республикалык, эл аралык илимий симпозиум, конференцияларда баяндалып, илимий жыйнактарда, журналдарда 200дөн ашуун илимий макалалар, 2 монография жарыкка чыккан. Кафедранын окутуучулары 2 илимий багыт боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келет. I.       Профессор С.К.Каримовдун жетекчилиги менен “Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер” багытындагы илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул багытта доцент Г.М.Анарбаева, профессор К.С.Алыбаев, ага окутуучулар: М.М.Маматкулова, А.Акматов, А.Абдилазизовалар илимий-изилдөө иштерин улантууда.       Бул багытта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган 1994-2014-жылдары 02№0005725 номери менен катталган «Исследование решений сингулярно-возмущенных дифференциальных уравнений и их применение в прикладных задачах» («Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдерин изилдөө жана аларды прикладдык маселелерде колдонуу») темасындагы проект боюнча илимий изилдөө иши жүргүзүлдү. Жетекчи: ф.-м.и.д., профессор Каримов С.К., аткаруучулар: ф.-м.и.к.,доценттер Анарбаева Г.М., Тойгонбаева А.К. ага окутуучулар Маматкулова М.М., Камбарова А.Д., Акматов А.А., АбдилазизоваА.А., ага лаборант Мурзабекова А.С.       Көптөгөн физикалык маселелердин чечилиши дифференциалдык теңдемелерге келтирилет.Тактап айтканда жөнөкөй чөйрөдө газдын трубадагы кыймылы жөнүндөгү маселе, кванттык физиканын маселелери жана башка ушул сыяктуу физикалык процесстерди изилдөө сингулярдык козголгон маселелерди чечүүгө келтирилет. Четки маселелер чектик жана баштапкы болуп эки бөлүктөн турат. Экинчи бөлүккө сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер үчүн баштапкы маселелер кирет.Бул жүргүзүлгөн жумуштардагы изилдөөлөр математиканын теоретикалык өнүгүүсү үчүн актуалдуу болуп саналат.Ошондуктан, сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечиминин асимптотикасын изилдөө проблемасы актуалдуу проблемалардан болуп эсептелинет.       Сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелердин системасынын чечиминин асимптотикалык баалоодо «деңгээл сызыктар», «уюлдук координаталарга өтүү» б.а «координаталар методу», «удаалаш жакындашуулар» жана «индукция методдору колдонуу менен сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер жана теңдемелер системасы үчүн баштапкы маселенин чечиминин туруктуулугу изилденген.       Изилдөө иштеринин жыйынтыгында өздүк маанилердин жалпыланган учурларында сингулярдык козголгон теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикалык баасы алынып, сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер системасынын чечимин өзгөчө критикалык учурларда асимптотикалык баалоо жүргүзүлгөн. Ошондой эле сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер үчүн коюлган баштапкы маселенин туруктуулугу изилденген; туруктуулук шарты бузулган учурда кичине параметрди кармаган кадимки дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасы тургузулган; туруксуз областта сингулярдык козголгон сызыктуу дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасы изилденген. II. Доцент А.К.Тойгонбаева жана улук окутуучу А.Д.Камбарова ф.-м.и.д., профессор А.Асановдун жетекчилигинин астында “Фредгольм-Стильтьестин биринчи түрдөгү жана Вольтеррдин үчүнчү түрдөгү интегралдык теңдемелери” багытындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө.        Илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында кафедрада эмгектенип жүрүп кандидаттык жана доктордук диссертацияларын С.К.Каримов (1984, Киев), К.С.Алыбаев (1995, Бишкек), Г.М.Анарбаева (1993, Бишкек), Д.А.Турсунов (2005, Бишкек), М.А.Азимбаев (2010,Бишкек), А.К.Тойгонбаева (2015, Ош) ийгиликтүү коргошкон.       Кафедра мүчөлөрдүн илимий-изилдөө иштеринин алынган жыйынтыктары кафедранын алдында уюштурулган студенттер, аспиранттар, окутуучулар үчүн өткөрүлүүчү илимий семинарда талкууланып, регионалдык, республикалык, эл аралык илимий симпозиум, конференцияларда баяндалып, илимий жыйнактарда, журналдарда 200дөн ашуун илимий макалалар, 2 монография жарыкка чыккан.       2009-жылы Казакстандын Алма-Ата шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн математиктеринин бүткүл дүйнөлүк III конгрессине илимий сапар менен профессор С.Каримов, А.Абдилазизова катышып келишти. 2010-жылы академик А.Бөрүбаевдин юбилейине, 2011-жылы академик М.Иманалиевдин 80 жылдык юбилейине, 2012-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн “Функционалдык анализ жана анын колдонулушу” аттуу эл аралык конференциясына илимий сапар менен С.Каримов, М.Маматкулова, М.Азимбаев, А.Тойгонбаевалар катышып келишкен. 2014-жылдын 5-июнунан 7-июнуна чейинки убакытта Ыссык-Көлдө болуп өткөн түрк тилдүү математиктердин V дүйнөлүк конгрессинде С.Каримов катышып, «Равномерные приближения решения сингулярно – возмущенной системы дифференциальных уравнений в особо критическом случае», «Поведение решений сингулярно-возмущенной системы дифференциальных уравнений в особо критическом случае» деген темадагы докладдарды жасап катышып келген. 2017-жылы Казахстандын Астана шаарында өткөрүлгөн түрк тилдүү математиктердин VI дүйнөлүк конгрессинин жыйнагында А.Асанов, А.К.Тойгонбаеванын “The choice of the regularization parameter for solutions of liner Fredgolm-Stieltjes integral equations of the first kind” тезиси жарык көрдү.       Андан сырткары жогоруда айтылган илимий-изилдөө багыттардын тематикасында кафедранын окутуучулары студенттердин жана магистранттардын квалификациялык жана магистрдик иштерине ийгиликтүү жетекчилик жасап келишүүдө.

Илимий-изилдөө иштери


Кафедранын илимий багыттар, темасы, каттоо карточкасы (№, бекитилген күнү), алынган жыйынтыктар, практикада колдонулушу.
2012-жылынын 20-апрелинде бекитилген 02№0005725 номери менен катталган Математикалык анализ кафедрасында «Исследование решений сингулярно-возмущенных дифференциальных уравнений и их применение в прикладных задачах» («Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдерин изилдөө жана аларды прикладдык маселелерде колдонуу») темасындагы проект боюнча илимий изилдөө иши жүргүзүлдү. Изилдөө иштерин жүргүзүүчүлөрдүн тизмеги төмөнкүдөй:
Жетекчи: ф.-м.и.д., профессор Каримов С.К., аткаруучулар: ф.-м.и.к.,доценттер: Анарбаева Г.М., Тойгонбаева А.К., ага окутуучулар: Маматкулова М.М., Камбарова А.Д., Акматов А.А., Абдилазизова А.А., улук лаборант Замирбек к.Н.

Максаты жана милдеттери:
- өздүк маанилердин жалпыланган учурларында сингулярдык козголгон теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикалык баасын алуу;
- сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер системасынын чечимин өзгөчө критикалык учурларда асимптотикалык баалоо;
- сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер үчүн коюлган баштапкы маселенин туруктуулугун изилдөө.
- туруктуулук шарты бузулган учурда Кичине параметрди кармаган кадимки дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасын тургузуу;
- туруксуз областта сингулярдык козголгон сызыктуу дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасын изилдөө;
- чечимдин кармалуу убактысын аныктоо;
- чечим чектелген областты методун көрсөтүү;
- оптималдуу интегралдоо жолдорун тандоо;

Актуалдуулугу
Көптөгөн физикалык маселелердин чечилиши дифференциалдык теңдемелерге келтирилет.Тактап айтканда жөнөкөй чөйрөдө газдын турбадагы кыймылы жөнүндөгү маселе,кванттык физиканын маселелери жана башка ушул сыяктуу физикалык процесстерди изилдөө сингулярдык козголгон маселелерди чечүүгө келтирилет. Четки маселелер чектик жана баштапкы болуп эки бөлүктөн турат. Экинчи бөлүккө сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер үчүн баштапкы маселелер кирет.Бул жүргүзүлгөн жумуштардагы изилдөөлөр математиканын теоретикалык өнүгүүсү үчүн актуалдуу болуп саналат.Ошондуктан, сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечиминин асимптотикасын изилдөө проблемасы актуалдуу проблемалардан болуп эсептелинет.
Изилдөө методдору жана обьектиси
а) Сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелердин системасынын чечиминин асимптотикалык баалоодо «деңгээл сызыктар», «уюлдук координаталарга өтүү» б.а «координаталар методу», «удаалаш жакындашуулар» жана «индукция методдору колдонулду.
б) Сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер жана теңдемелер системасы үчүн баштапкы маселенин чечиминин туруктуулугун изилдөө болуп эсептелинет.

Алынган маалыматтар жана талкуулоо;
а) Өздүк маанилердин жалпыланган учурларында сингулярдык козголгон теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикалык баасы алынды;
- Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер системасынын чечимин өзгөчө критикалык учурларда асимптотикалык баалоо жүргүзүлдү;
- сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер үчүн коюлган баштапкы маселенин туруктуулугу изилденди
- туруктуулук шарты бузулган учурда кичине параметрди кармаган кадимки дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасы тургузулду;
- туруксуз областта сингулярдык козголгон сызыктуу дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасы изилденди;
- чечимдин кармалуу убактысы аныкталды
- чечим чектелген областтын аныктоо көрсөтүлдү;
- оптималдуу интегралдоо жолдору тандалды;
Кафедранын илимий темасынын негизинде кафедра башчысы профессор С.Каримов 2013-жылдын 5-сентябрынан 7-сентядрына чейинки убакытта Ыссык-Көлдө болуп өткөн Я.Быковдун 100- юбилейине карата уюштурулган «Актуальные проблемы теории управления, топологии и операторных уравнений», аттуу конференцияга катышып, «Равномерные приближения решения сингулярно- возмущенной системы дифференциальных уравнений в особо критическом случае, когда собственные значения не имеют нулей на рассматриваемой области » деген темадагы доклад менен катышып келди.
Ошондой эле ушул конференцияга кафедранын окутуучулары М.Маматкулованын,Г.Анарбаеванын, А.Тойгонбаеванын «Асимтотические поведения решений сингулярно-возмущенных нелинейных дифференциальных уравнений в случае смены устойчивости” «Об одном классе линейных интегральных уравнений Фредгольма-Стилтьеса второго рода с разрывным ядром», «Об одном классе систем линейных инт.ур. Фредгольма- Стильтьеса первого рода» деген темадагы тезистери менен доклад жасап келишти.

Кафедранын дисциплиналары

I. Математика адистиги үчүн окутулуучу дисциплиналар:

1. Математикалык анализ;
2. Дифференциалдык тендемелер;
3. Функционалдык анализ;
4. Анализдин кошумча главалары;
5. Интегралдык тендемелер;
6. Атайын курстар;
7. Атайын семинарлар;
8. Тандоо курстары;
9. Ыктымалдуулуктар теориясы жана математикалык статистика;
10. Комплекстүү өзгөрүлмөлүү функциялардын теориясы.


II.Колдонмо математика жана информатика адистиги үчүн окутулуучу дисциплиналар:

1. Математикалык анализ;
2. Дифференциалдык теүдемелер;
3. Функционалдык анализ жана интегралдык теүдемелер;
4. Комплекстүү өзгөрмөлүү функциялардын теориясы;
5. Атайын курстар;
6. Математикалык физиканын теүдемелери


III.Физика адистиги үчүн окутуучу дисциплиналар:

1. Математикалык анализ;
2. Дифференциалдык теүдемелер;
3. Математикалиык физиканын методдору;
4. Комплекстүү өзгөрмөлүү функциялардын теориясы


IV.«Информатика», «Колдонмо информатика» адистиктери үчүн окутулуучу дисциплиналар:

1. Математикалык анализ;
2. Дифференциалдык теүдемелер;
3. Математикалык физиканын теүдемелери;
4. Комплекстүү өзгөрүлмөлүү функциялардын теориясы.

Окуу-методикалык колдонмолор

1. С. Каримов., М.Азимбаев «Дифференциалдык теңдемелер» жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн колдонмо, Ош ш.: ОшМУ, 1999-ж., 41 бет;
2. Г.М. Анарбаева, Математикалык анализ боюнча практикум
“Анык эмес интеграл”, жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу –усулдук колдонмо, Ош, ОшМУ, 2000-жыл, 55бет;
3. Т. Сманов, А. Камбарова,
“Функционалдык анализ боюнча маселелер жыйнагы”, Ош ш.: ОшМУ, 2002-жыл, 17 бет;
4. Сагындыков М, Кожобеков К, Абдилазизова
“Сандык методдордун негиздери” окуу колдонмосу, Ош ш.: ОшМУ, 2011-жыл, 180 бет;
5. Абдыкалыков С., Абдыкалыков У.С., Тойгонбаева А.К.
“Комплекстик өзгөрүлмөлүү функциялардын теориясы”окуу куралы, Ош ш.: ОшМУ, 2013-ж.,142 бет;
6. Каримов С.К., Азимбаев М.А.
“Математикалык анализ курсу боюнча тесттер жыйнагы”, Ош ш.: ОшМУ, 2013-ж., 124 бет.
С.Каримов., М.Азимбаевдер тарабынан жазылган “Дифференциалдык теңдемелер” аттуу окуу-усулдук колдонмосу учурда ар бир студенттин столдук китепчесине айланган, анткени бул колдонмодо дифференциалдык теңдемелердин түрлөрүнө карата, чыгаруунун жолдору көрсөтүлүп, жеткиликтүү тил менен жазылган.
Г.М. Анарбаева тарабынан жазылган “Анык эмес интеграл” ал эми Т.Сманов., А. Камбаровалар тарабынан жазылган “Функционалдык анализ боюнча маселелер жыйнагы” да учурдун муктаждыгына шайкеш келген окуу усулдук колдонмолор болуп эсептелинет, анткени кыргыз тилинде студенттерге жеткиликтүү тил менен жазылган, усулдук көрсөтмөлөр берилген, дагы бир баса белгилеп кете турган жагы функционалдык анализ боюнча кыргыз тилинде жазылган маселелер жыйнагы жок.
Учурда “Математикалык физиканын теңдемелери” окуу колдонмосунун үстүндө ага окутуучу М.Маматкулова , ал эми “Ыктымалдуулуктар теориясы” окуу колдонмосунун үстүндө ага окутуучу Акматов А. иштешүүдө.

Окуу-методикалык иштер

Кафедранын окуу-методикалык иштери:

1.Студенттерге жекече жана топтук консультацияларды берүү максатында күн сайын кафедрада кезметчилик уюштуруу
2.Студенттерди окуу китептери менен камсыз кылуу максатында китепканага жаны адабияттарды алуу жөнүндө арыз берүү керек
3.Окуу процессинин сапатын жогорулатуу максатында кошумча сабактарды, консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү.
4.Тажрыйба алмашуу максатында окутуучулардын сабактарына өз ара катышуусун жана ачык сабактарды өткөрүү.
5.Окутуунун алдынкы жаны технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү.
6.Студенттердин регионалдык, республикалык ж.б.олимпиадаларга даярдоо.
7.Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу (обзордук лекцияларды окуу,консультацияларды өткөрүү)
8.Ош областынын мектеп окуучулары менен профориентациялык иштерди жүргүзүү.
9.Суденттер үчүн окуу-методикалык колдонмолорду чыгаруу.
10.Кафедранын методикалык семинарынын ишин өркүндөтүү.
11.Дисциплиналарды окутууда бир кыйла татаал маселелерди окутуунун усулун методикалык семинарларда кароо, талкуулоо.


I.Окутуунун модулдук –рейтингдик системасын өркүндөтүү багытындагы иштер.

Модулдар тиешелүү предметтер жана предметниктер тарабынан өз учурунда ооз эки,тестирлөө жана жазуу жүзндөгү формаларды колдонуу менен алынып,анын натыйжасы кафедранын журналына жана мугалимдердин өздүк журналдарына чагылдырылат.
Модулдар үчүн даярдалган билеттер,суроолор,алдын ала студенттерге тааныштырылат,суроолор орто жана ортодон жогорку денгээлде түзүлөт,тестер болсо кафедранын компьютерине жүктөлгөн.Модулдарга карата түзүлгөн билеттер,суроолор кафедрада атайын кутуларла сакталып турат.
Жүйөөлүү себептер менен модулга катышпаган студенттерден модулдар мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша дежурство учурларында кабыл алынат.


II.Студенттердин өз алдынча иштерин уютуруу, алардын билимдерин текшерип баалоо системаларын өркүндөтүү багытындагы иштер.

Кафедранын мугалимдеринин жумушчу программаларында студенттердин аткара турган өз алдынча иштери III модулга бөлүнүп өзүнчө көрсөтүлгөн, ал тургай кайсы адабияттардан пайдаланары белгиленип коюлган. Өз алдынча иштер эки бөлүктөн турат,биринчи бөлүгү теориялык материалдар болсо, экинчи бөлүгү практикалык (мисал жана маселелер) болуп эсептелет. Практикалык бөлүгү ар бир студент үчүн жекече берилип, иштеле турган маселелердин номерлери көрсөтүлүп, кайсы адабияттан аларына так белгиленип, ал да үч модулга бөлүнүп коюлган.
Өз алдынча иштер ар бир модулга чейин тиешелүү группалар, подгруппаларга бөлүнүп, ал подгруппалар мугалимдердин убактысына байланыштуу кезметчилик учурунда же мугалим тарабынан белгилнеген мөөнөттө студенттер суроо-жооптун негизинде тапшырышат.Ал эми практика боюнча чыгарылган мисал,маселелерди студенттер баяндоо,түшүндүрүү же ал мисалдарга окшош мисалдарды чыгарып берүү жолу менен тапшырышат.
Өз алдынча иштерди тапшыруунун жыйынтыгы өз алдынча иштердин түрүнө, алардын аткруунун сапатына жараша 3 баллдан 10 баллга чейин бааланып, кафедранын атайын журналына белгиленип коюлган.Мындай иштердин аткрылышы студенттердин төмөндөгүдөй сапаттарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт:
1) Өз алдынча билим алуу жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү
2) Ойдун реч менен болгон бирдиктүүлүгүн калыптайт
3) Студенттердин речинин өркүндөшүнө көмөк көрсөтөт
4) Теорияны практикага айкалтыра билүү ыктарын өркүндөтөт
5) Үзгүлтүксүз, системалуу иштөө ыктарын калыптайт.
Карызы бар студенттерге алардын билим денгээлине карата жекече тапшырмалар берилип,анын аткарылышы практикалык сабактарда, дежурство учурунда ал тапшырмалардын аткарылышы тестелип турулат.

профориентациялык иштери
информациялык пакет
электрондук китептер

Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту

510700 Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрлөө билим берүү программасынын материалдык техникалык базасы

1.«Компьютердик борбор» окуу лабораториясы

 

Аудитория

Аталышы

Компьютердин саны

Компьютердин түрү

1

302

“Визуалдык программалоо” лабораториясы

16

Intel Core i5-9400F, 4000 MHz(40x100)

 

2

303

“Мультимедиа тиркемелерди иштеп чыгуу” лабораториясы

25

Intel (R) Core™ i5-8400 CPU @ 2.80GHz 2.81GHz

3

304

“Тиркемелерди төмөнкү деңгээлдеги программалоо тилдеринде долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

9

Intel(R)Core™ i5-10400F CPU @2.90GHz

 

4

305а

“Web-тиркемелерди долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

11

Intel (R) Core™ i3-4150 CPU 3.50GHz

 

5

305б

“Web-тиркемелерди долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

10

Intel (R) Core™ i3-4160 CPU @ 3.60GHz

 

6

306

“Информатиканы окутуунун методикасы” лабораториясы

10

Intel(R)Core™ i5-10400F CPU @2.90GHz

 

7

307

“Жасалма интеллект жана логикалык программалоо” лабораториясы

10

Intel® Core™ i5-12400F 4.4GHz

 

8

308

“Экономикадагы колдонмо информатика” лабораториясы

13

Intel(R) Core™ i5 9400F 2.90GHz

 

9

310а

“Компьютердик долбоорлоо жана инженердик графика” лабораториясы

10

Intel(R)Core™i3 -4150 CPU @3.50GHz

 

10

310б

“Компьютердик долбоорлоо жана инженердик графика” лабораториясы

10

Intel(R)Core™ i3 -4150 CPU @3.50GHz

 

11

311

“Жогорку деңгээлдеги тилдерди программалоо” лабораториясы

10

Intel(R)Core™ i5-10400F CPU @2.90GHz

 

12

312

“Программалык камсыздоо” лабораториясы

11

Intel(R)Core™ i3 -4150 CPU @3.50GHz

 

13

314

“Колдонмо математика жана компьютердик моделдештирүү” лабораториясы

10

Intel ® Core™ i5 CPU,650 3.20GHz 3.18 GHz

 

14

315

“Компьютердик графика” лабораториясы

7

Intel(R) Core™ i3-4160 CPU @ 3.60Hz

 

15

316б

“Берилген базасын долбоорлоо жана иштеп чыгуу” лабораториясы

9

Intel(R) Core™ i3-7100 CPU @ 3.90GHz

 

Жалпы

 

171

 

 

 

2. Борборлоштурулган окуу залы

Учурда китепкананын жалпы ишмердүүлүгү, китепканачылардын орду толугу менен санариптештирилген. Окурмандар институтта туруп смартфондор аркылуу китептерге буюртма берип, каалаган китептерди алып окууга болот. Андан сырткары окуу залдагы акыркы үлгүдөгү компьютерлер аркылуу да электрондук китептер менен толукталган.

Girl in a jacket Girl in a jacketGirl in a jacket

 

3. Студенттик жатакана ОшМУнун бардык жатаканаларынын ар бир кабатында жуунуучу бөлмө, кир жуучуу бөлмө жана бардык шарттары менен ашкана бар.

Girl in a jacket Girl in a jacket

 

 

4. Маалымат коопсуздугу жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмү

Маалымат коопсуздугу жана компьютерлерди техникалык тейлөө

бөлүмүндө 510700 Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрлөө билим берүү программасынын студенттери практикаларын өтөп, квалификациялык иштерин жазууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Girl in a jacket

5. Спорт аянтчасы

Башкы корпустун артында студенттер үчүн кошумча спорт аянтчасы бар.

Girl in a jacket

6. Профилактория (студенттик дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борбору)

Профилакторияда студенттер үчүн бир жылда 1 жолу 20 күн дарыланып, эс алуу укугуна ээ жана акысыз. Профилакторияга жайгашуу үчүн студенттер институттун кесиптик бирликтин төрагасына кайрылышат. Студенттер бош убактысын сабак окууга, сыналгы көрүү менен, шахмат – шашки жана ар кандай музыкалык аспаптарды ойноо, ден соолукту чындоочу залда машыгуу менен өткөрүшөт. Ар кандай маданий иш-чараларга катышышат.

Профилактория ОшМУнун №2 Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттик жатаканасынын 2-кабатында жайгашкан.