Магистратура – бул жогорку кесиптик билим берүүнүн экинчи баскычы болуп, уюштуруучулук-башкаруучулук, аналитикалык, долбоорлук-экономикалык, илимий-изилдөөчүлүк жана педагогикалык иш-аракетке адистерди даярдоого багытталган. Магистратура магистранттарга фундаменталдык билимди тереңдетип үйрөнүүгө, илимий изилдөөлөрдүн заманбап маалыматтык технологияларын өздөштүрүүгө жана негизги илимий методологияга ээ болууга мүмкүнчүлүк берет.
Магистрдик диплом – бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык. Ош мамлекеттик университетинде, атап айтканда, Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда (МФТИТ) магистратура программасы биринчи жолу 2014-жылы ачылган. Анын биринчи жетекчиси Имаралиев О. болгон жана ал магистратуранын өнүгүүсүнө негиз салган.
Магистратуранын нормативдик окуу мөөнөтү – 2 жыл. Ага тапшыруу үчүн талапкер тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасына же тектеш адистик боюнча «адис» квалификациясына ээ болушу керек. МФТИТ институтунда магистрлерди адистештирип даярдоонун эки жылдык программасы ар бир студенттин кесиптик жана илимий потенциалын өнүктүрүү үчүн индивидуалдашкан окутууну камсыз кылат.
Магистранттын окуу процессинин негизги багытын аныктаган документ – бул жекече окуу планы. Анда адистешүү багыты, окуунун көлөмү жана мөөнөтү, аттестация формасы жана магистрдик диссертациянын темасы көрсөтүлөт. Магистрдик диссертация илимий жетекчинин көзөмөлүндө жазылат. Эгерде изилдөө иши бир нече илимий багыттарды камтыса, эки илимий жетекчи дайындалышы мүмкүн.
Магистратураны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр аспирантурада жана PhD докторантурада окуусун уланта алышат. Магистранттарды окутуу күндүзгү формада, дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө институтта 9 багытта жана 10 программа боюнча билим берилет.
МФТИТ институтунун магистратура бөлүмүн Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын доценти Омаралиева Гулбайра Абдималиковна жетектейт.

МАГИСТРАТУРАНЫН БАГЫТТАРЫ
510100. Математика
510200. Колдонмо математика жана информатика
510400. Физика
550200. Физика-математикалык билим берүү (Математика; информатика)
550200. Физика-математикалык билим берүү (Физика)
580200. Менеджмент(билим берүүдөгү менеджмент)
640200. Электроэнергетика и электротехника
710100. Информатика жана эсептөө техникасы
710200. Информациялык системалар жана технологиялар
710300. Колдонмо информатика
4
2024-2025-окуу жылы
1. 2024-2025-окуу жылынын 1-семестринин модулдук жана жыйынтык текшерүүнүн графиктери
Шилтеме
2. 15 кредитке чейин карызы бар студенттердин карызын жоюу үчүн түзүлгөн окуу графигинин жадыбалы
Шилтеме
" target="_blank">
Шилтеме
2. 15 кредитке чейин карызы бар студенттердин карызын жоюу үчүн түзүлгөн окуу графигинин жадыбалы
Шилтеме
Академиялык_билдирүүлөр
Конок лекция
Дирекциянын курамы

|
Ф.А.А.: |
Абдумиталип уулу Кубатбек |
Ээлеген
кызматы:
|
Директордун санариптештирүү жана электрондук билим берүү бөлүмү боюнча орун басары |
Илимий
даражасы:
|
ф.-м.и.к., доцент |
|
4
4