Чыгуу
  • Дүйшөмбү - Ишемби (9:00 - 17:00)

    Эс алуу - Жекшемби
  • Почта

    mftit@gmail.com
  • Байланыш

    +996 772 499 996

Next Generation Hub

 

"Next Generation Hub" борбору

 

Миссиясы жана максаттары:

  • Кыргыз Республикасына жогорку класстагы, атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талаптагы адистерди системалуу даярдоо;
  • Кытай Эл Республикасы менен көп тараптуу кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүк менен эркиндикти камсыз кылуу;
  • Жаңы дүйнөтаптыгы бар, социалдык жоопкерчиликтүү жана жогорку этикалык, моралдык сапаттарга ээ, чет тилдерин эркин өздөштүргөн, өз алдынча ой жүгүртүп, динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөдө чечимдерди кабыл ала алган адистерди даярдайбыз;
  • Улуттук кызыкчылыктарды, баалуулуктарды жана маданиятты сактайбыз.

Милдеттери:

  • Окуу жайдагы студенттерге, окутуучуларга робототехника, мехатроника,жасалма интеллект, автоматташтыруу жана электроника боюнча терең билим берүү;
  • Практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, жогорку технологиялык жабдуулар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү;
  • Заманбап өнөр жай шарттарына даярдоо, аларды ишке орношуу үчүн даяр кылуу;
  • Жаңы технологиялар жана инновациялар боюнча изилдөөлөргө катышуу, эл аралык деңгээлде билим алууну жана академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылат.

Борбордун профилинин төмөндөгү адистиктери жана программалары боюнча окуган студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн толук шарт түзүү:

700500 «Мехатроника жана робототехника» адистиги

Мехатроника жана робототехника боюнча бакалавриат программасы:
Бул адистик заманбап технологияларды, электрондук системаларды жана автоматташтыруу процесстерин камтыйт. Окуу процессинде студенттер робототехниканы, программалоону жана электрониканы үйрөнүшөт, бул аларды келечекте ушул тармактагы лидерлер катары даярдоого жардам берет.

«Жасалма интеллект» адистиги

Жасалма интеллект боюнча бакалавриат программасы:

Бул адистик заманбап алгоритмдерди, машиналык үйрөнүү жана нейрон тармактарын, ошондой эле маалыматтарды иштетүү жана анализдөө процесстерин камтыйт. Окуу процессинде студенттер жасалма интеллекттин негиздерин, программалоону жана аналитиканы үйрөнүшөт, бул аларды келечекте бул тармактагы адистер катары даярдоого жардам берет. Студенттер өздөрүн ЖИ технологияларын колдонуу, робототехниканы жана автоматташтыруу системаларын иштеп чыгуу сыяктуу аянттарда өнүгүүгө даяр болушат.

 

Фото галерея

                                    

Борбордун дареги:
Ош ш., Гапар Айтиев к., 14А. Next Generation Hub. Робототехника жан Жасалма Интеллект борбору.
Телефон: 0777-48-08-68, 0550-94-07-07.
E-mail: next@oshsu.kg, tilek.9420@gmail.com

 

 

"Next Generation Hub" борборунун тарыхы

 

Next Generation Hub - 2024-жылдын 31-майында Ош мамлекеттик университетинин алдында өз алдынча структура катары алгачкы ишин баштады. Робототехника жана мехатроника адистиги ачылды. ОшМУнун негизги инновациялык борборлорунун бири болуп, жогорку технологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Борбордук Азиядагы робототехниканы үйрөнүү боюнча жападан жалгыз филиал болуп саналат. Бул борборду өзгөчө кылып, студенттерге бул тез өнүгүп жаткан тармакта алдыңкы билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Борбор Huibo Robotics менен кызматташып, студенттерге практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Лаборатория Кытайдын Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылган. Huibo Robotics — робототехника жана автоматизация тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын бири. Бул компания менен кызматташууда ачылган борбор студенттерге роботторду үйрөнүүгө жана өнөр жай ишканаларында иштөө үчүн практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. NEXT GENERATION HUB студенттерге ABB жана KEBA  роботтору менен иштөөнүн тереңдетилген билимдерин жана көндүмдөрүн, ошондой эле аларды программалоону үйрөтөт. Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.Г. Кожобековдун 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 4508-ФХД/24 буйругуна ылайык ОшМУнун «Next Generation Hub» аталышындагы борбор түзүлүп, штаттык жадыбалы бекитилип, директорлук кызмат ордуна Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын окутуучусу Умаров Тилек Муталибович дайындалды. 

NEXT GENERATION HUB лабораториясы 2 миллион долларлык жабдуулар менен камсыздалып, чыныгы өндүрүш шарттарын имитациялайт. Ал ABB жана KEBA роботтору, Siemens логикалык контроллерлери жана өнөр жай сенсорлору менен жабдылган. NEXT GENERATION HUB лабораториясы өнөр жай автоматизациясынын процесстеринде кеңири колдонулуучу Siemens логикалык контроллерлери, сенсорлор жана степпер моторлору менен жабдылган. Студенттер бул контроллерлерди жана сенсорлорду колдонуп программалоо көндүмдөрүн өздөштүрүшөт, ошондой эле автоматташтырылган системаларда так кыймылды камсыз кылган степпер моторлорун башкарууну үйрөнүшөт. Бул жабдуулар өндүрүш ишканаларынын реалдуу шарттарын моделдөөгө мүмкүндүк берип, студенттерге башкаруу системалары жана роботтоштурулган процесстер менен иштөө боюнча практикалык тажрыйба берет.



 

Адистиктердин тизмеси

Шифр номери Адистиктер

Академиялык даражасы

1 700500 "Мехатроника жана робототехника" адистиги Бакалавр
2 "Жасалма интеллект" адистиги Бакалавр



 

Профессордук-окутуучулук курам

 

Умаров Тилек Муталибович  директор
Исламбек кызы Айтурган иш кагаздарды жүргүзүүчү
Азаматов Арген Азаматович улук лаборант
Карабаев Самат Эшполотович окутуучу
Камалов Султанбек Садырбекович окутуучу
Баястан уулу Бегислан окутуучу
Илиязова Нурзат Нурбековна окутуучу

 

Илимий-изилдөө иштери



Академиялык мобилдүүлүк



               ОшМУ менен Huibo Robotics компаниясынын кызматташтыгы

Ош мамлекеттик университети менен Кытайдын алдыңкы Huibo Robotics компаниясы ортосундагы кызматташтык робототехника жана жасалма интеллект багытында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Бул өнөктөштүктүн алкагында студенттер жана окутуучулар заманбап робототехникалык жабдуулар менен иштөө, программалык камсыздоо жана өнөр жай автоматташтыруу боюнча терең билимге ээ болууда.

Huibo Robotics компаниясы ОшМУга заманбап роботторду, лабораториялык жабдууларды жана интеллектуалдык программаларды тартуулап, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет. Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында ОшМУнун студенттери жана окутуучулары Кытайдагы алдыңкы университеттерде жана ишканаларда тажрыйба алмашуу, стажировкадан өтүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бул академиялык мобилдүүлүк программасы студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн чыңдоого, дүйнөлүк деңгээлдеги технологияларды өздөштүрүүгө жана келечектеги эмгек базарында атаандаштыкка жөндөмдүү кадр болуп калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Huibo Robotics менен болгон кызматташтык келечекте биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга, робототехникалык жана автоматташтыруу системаларын иштеп чыгууга жол ачып, ОшМУнун эл аралык академиялык байланыштарын дагы кеңейтет.



 

Окутулуучу дисциплиналар

 

1. Кыргызский язык
2. Китайский язык
3. Математика
4. Физика(Электрические цепи и законы тока)
5. Программирование
6. Программирование роботов и язык RAPID (RobotStudio)
7. Основы электротехники и электротехнические измерения и приборы
8. Физическое воспитание
9. Программирование на языке С
10. Русский язык
11. Электроника
12. Основы микроконтроллеров и встраиваемых систем
13. Мехатроника и сенсорные системы
14. Программирование на языке HTML и CSS



 

Байланыш

 

Тилек агай копия.png

 

Директор: Умаров Тилек Муталибович

 

Адрес:

Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү 14А

Байланыш номер:

0777 480 868

0550 940 707

Instagram: robotics.oshsu
Facebook: Робототехника жана Жасалма Интеллект

 

TExt
окуу усулдук иштери
TExt
TExt

 

Иш пландар



2024-2025-окуу жылдары үчүн "Next Generation Hub" борборунун иш планы.

2024-2025- окуу жылы үчүн иш план 

 

TExt



«Next Generation Hub» окуу лабораториясы



Акыркы үлгүдөгү заманбап ABB робот - 2 даана

Робот-бариста - 1 даана

Siemens контроллерлери - 4 даана

Машина чыгаруучу KEBA робот - 4 даана

Зал

Лекциялык каана

Окутуучулардын каанасы

Спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо борбору каанасы

Плазмалык сыналгы - 1 даана

Интерактивдүү доска - 2 даана

Жарык диоддуу экран (экран LED) - 1 даана

Принтер - 2 даана



ОшМУнун интернет тармактарына туташтырылган. Борбордун окутуучулары, студенттери интернет тармагын акысыз пайдаланышат.