Кафедранын девизи : Сапаттуу билим үчүн!
Тарыхы yyyyyyyyyyyyyyyyyyy
Жаңы адистиктердин ачылышы менен аларга математика дисциплинасынын окутулгандыгына байланыштуу ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 1997-жылдын 18-февралындагы №29 токтомунун негизинде «Жогорку математика жана математикалык экономика» кафедрасы ачылган. Ошол кезде кафедрада 16 окутуучу жана 1 улук лаборант эмгектенишип, аны ф.-м.и.к., доцент А.О.Абдувалиев жетектеген.
Кафедранын андан кийинки жетекчиси болуп ф.-м.и.к., доцент Т.О. Бекешов эмгектенген. «Экономикадагы информациялык системалар» адистигиндеги студенттердин санынын өсүшүнө жана университеттин математикалык эмес адистиктериндеги студенттерге математика дисциплинасын окутуунун методикасын өркүндөтүү максатында жана ошол кездеги шарттын талабына ылайык, ОшМУнун ректорунун 2002-жылдын 1-сентябрындагы №81б буйругунун негизинде кафедра факультеттер аралык «Жогорку математика» кафедрасы болуп кайрадан түзүлдү жана ага жетекчи болуп ф.-м.и.к., доцент А.М. Джураев дайындалган жана «Жогорку математика» кафедрасына физика-математика, педагогика, бизнес жана менеджмент факультеттеринен башка факультеттерге математика дисциплинасын окутуу милдети жүктөлгөн.
2004-жылдын 2-февралынан 2013-жылдын 16-сентябрына чейин «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп ф.-м.и.д., профессор Ж.С.Сатаров жетектеп келген.
2013-жылдын 16-сентябрынан баштап «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп м.а.ф.-м.и.д.,профессор Мамаюсупов Маккамбай Шеранович иштеп келе жатат.
Кафедранын миссиясы жана милдеттери
Кафедранын милдеттери Кафедра университетте математика предмети боюнча окуу, илимий –изилдөө, усулдук жана практикалык ишмердүүлүктү билим берүү стандартына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылат. Кафедранын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
Окуу иштери боюнча
• Студенттердин математика боюнча билим алуусу багытындагы талаптарын канааттандыра турган шарттарды түзүү;
• Теориялык жактан билими жогору, квалификациялуу адистерди даярдоо;
• Кафедранын мүчөлөрүнүн квалификациялык денгээлин үзгүлтүксүз түрдө жогорулатып туруу;
• Окуу процессин илимий уюштуруунун жаңы негиздерин иштеп чыгуу жана окуу процессине окутуунун, тарбиялоонун жаны технологияларын кийирүү;
• Лекцияларды, практикалык сабактарды жана студенттердин өз алдынча иштөөлөрүн сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү.
Методикалык иштер боюнча
• Кафедра мүчөлөрүнүн педагогикалык чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатуу;
• Окуу процессинин жана анын окуу-методикалык жактан камсыздалышынын сапатын жогорулатуу;
• Окутуунун жаңы жана прогрессивдүү технологияларын колдонуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу, сунуштоо;
• Кафедранын адистиктер боюнча жаңы программаларды, окуу китептерди жана колдонмолорду даярдоого катышуусу;
• Курстук, дипломдук иштердин актуалдуу жана перспективдүү темаларын тандоо жана сунуштоо;
• Студенттердин кызыгуусуна ылайык атайын курстарды жана семинарларды уюштуруу;
• Ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу менен алардын жаңы технологиялар боюнча талаптарын канааттандыруу;
• Электрондук вариантта окуу-усулдук китептерди, иштелмелерди жазып даярдоо жана аларды электрондук китепкана аркылуу студенттерге сунуштоо.
Тарбия иштери боюнча
• Кафедранын предметтерин окутуу процессин студенттерди активдүү түрдө тарбиялоого пайдалануу; • Студенттерди ан-сезимдүүлүккө, эмгекчилдикке жана өз алдынчалуулукка тарбиялоо; • Кафедра мүчөлөрүнүн арасында этикалык жана нравалык нормаларды сактоо жана ушул сапаттарды студенттерге жеткирүү; • Студенттер арасында патриоттуулук сезимин ойготуу жана калыптандыруу; • Студенттик тайпалар арасында коллективдүүлүк сезимин калыптандыруу
Илимий-изилдөө иштери боюнча
• Илимий-усулдук изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын окуу процессине кийирүү;
• Кафедранын мүчөлөрүнүн илимий, илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга жана симпозиумдарга катышуусун камсыз кылуу;
• Кафедра мүчөлөрүнүн илимий проекттерди, гранттарды иштеп чыгууга жана аткарууга катыштыруу;
• Эл арасында илимий, педагогикалык, маданий жана техникалык билимдерди жайылтуу;
• Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тематикалык басылмаларда системалуу түрдө жарыялап туруу.
Кафедранын профессордук - окутуучулук курамы
Мамаюсупов Маккамбай Шеранович – доцент, каф. башчысынын милдетин аткаруучу(2013-жыл, 16-сентябрь).
1954 – жылы 16 – октябрда Ош областынын Ноокат районунун Кыргыз – Ата айылдык кеөешине караштуу Тегирменчилер кыштагында математик мугалимдин үй – бүлөсүндө төрөлгөн. !976 – жылы Ош пединститутун артыкчылык диплому менен аяктап, математик мугалими деген адистик алган !976 – 1978 жылдары Ноокен жана Ноокат райондорунун мектептеринде математика мугалими болуп иштеген. 1978 – жылдын 27 – октябрынан 1992-жылга чейин ОшПИ нин матанализ кафедрасында окутуучу, СССР дин ИА Сибирь бөлүмүнө жолдонгон аспирант, ага окутуучу, декандын орун басары, институттун (университеттин) студенттик профсоюз уюмунун төрагасы, ал эми 1992 – жылдан баштап чет элдик биргелешкен ишканалардын жетекчиси, “Ош – 3000” МТРК сынын Генералдык директорунун биринчи орун басары кызматтарын аркалаган. 2002 – жылдан баштап ОГПИ де математика кафедрасынын башчысы, ОшМУ да фундаментальдык сабактар жана коммуникациялык технологиялар кафедрасынын башчысы, жогорку математика кафедрасынын доценти, профессорунун м.а., ал эми 2014 жылдын сентябрь айынан баштап аталган кафедраны жетектеп келүүдө. 1986 – жылы СССР ИА сынын Сибирь бөлүмүнүн Эсептөө Борборунда физика – математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон (Новосибирск ш. ВЦ СО АН СССР). 30 дан ашык илимий жана илимий – усулдук макалалардын жана төмөндөгү китептердин автору.
Чинкараев Т. - доцент. 1962 –жылы Ош пединститутун «математика» адистиги боюнча бүтүргөн. 1970-жылы Урал Мамлекеттик Университетинде “Исследование особых решений нелинейных операторных уравнений” аттуу темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Илимий-изилдөө областы болуп резонанс учурунда сызыктуу эмес системалардын мезгилдүү термелүүлөрү багыты саналат. Мында дифференциалдык теңдемелердин белгилүү класстагы сызыктуу эмес системаларынын өзгөчө мезгилдүү чечимдеринин жашашынын жетиштүү шарттары изилденет. Ошондой эле сызыктуу эмес оператолордук теңдемелери каралат. 1962-жылдан баштап ушул күнгө чейин ОшМУда эмгектенип келет. Азыркы учурда Жогорку математика кафедрасынын доценти, тажрыйбалуу педагог. Биология жана Табият таануу факультетинин 1-2 курстарынын студенттерине “Математика” предметинен сабак берет.
Сопуев У.А. Жогорку математика кафедрасынын доценти, МИТ факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн башчысы (математика дисциплинасынан медицина факультетинин студенттерине математикадан сабак берет). Ал 2000-жылы ОшМУнун физика-математика факультетинин “Математика” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ушул эле жылы аталган факультетке жаш кадр катары математикалык анализ кафедрасына окутуучу болуп ишке кабыл алынган. 2000-2003-жылдары ОшМУнун алдындагы аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окуган. 2004-жылдан баштап окутуучу катары Жогорку математика кафедрасында эмгектенет. 2008-жылы ОшМУнун алдында ачылган Диссертациялык Кеөеште 01.01.02. – дифференциалдык теөдемелер адистиги боюнча “Обобщенно-функционально-инвариантные решения и краевые задачи для линейных и нелинейных псевдопараболо-гиперболических уравнений третьего порядка” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2010-2011-окуу жылында МИТ факультеттин профкому, 2011-2013-жылы МИТ факультетинин “Компьтердик борборунун” директору болуп иштеген. 2013-жылдын сентябрынан ошол эле факультеттин күндүзгү окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө.
Айтназаров А.К. - улук окутуучу. 1972-1977 -жылы ОМПИ нин физматын (математика адистиги боюнча) бүтүргөн . 1980-жылга чейин Совет районунун «Ажике» орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген.
1980-жылдын 1-сентябрынан баштап 1984-жылга чейин Ош шаарындагы В.Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатында мамтематика мугалими болуп иштеген.
1984-жылы 1-сентябрынан Республикалык технологиялык техникумунда математика мугалими, директордун орун басары, ЦДП нын дирекору болуп эмгектенген.
1986-жылы Эл агартуунун отличниги төш белгисин алган,
1994-жылы 1-сентябрынан тартып Кыргыз-өзбек университетинин мугалими болуп иштеген.
1999-жылы Ош Технологиялык университетинин улук окутуучу, болуп иштеген .
2000-жылдан бери ОшМУнун МИТ факультетинин Жогорку математика кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенип келет.
Кедейбаева Д.А.-улук окутуучу 1984-1989-жылы ОшПИ нин “Математика” адистигин бүтүргөн. 1989-жылдан баштап өзгөн районундагы А.Төлөнов орто мектебинде иштөө менен эмгек жолун баштаган. 1993-жылы Ош МУ нун физика-математика факультетинин «Алгебра жана геометрия» кафедрасында лаборант болуп иштеген. 1997-жылдан азыркы күнгө чейин «жогорку математика» кафедрасында эмгектенип жатат. 2002-жылы Ош МУ нун аспирантурасын аяктаган. Азыркы учурда жогорку математика кафедрасынын ага окутуучусу болуп эмгектенип жатат.
Абдрасулова С.Ж.-улук окутуучу 1990-1995-жылы ОшМУнун «Математика» адистигин аяктаган. 1995-жылы Кыргыз-өзбек Университетинин «Табийгый илимдер дисциплиналары» кафедрасынын улук лаборанты болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган жана №38 Барпы атындагы орто мектебине мугалим болуп иштеген.
1997-жылы 26-августта №28 лицей-мектебинде мугалим болуп, 2002-жылы нефть, газ жана энергетика институтунун окутуучусу жана 2003-жылы ОшМУнун «Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар» институтунун улук окутуучусу болуп иштеген.
2004-жылы «Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар» институнуна сырттан окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген.
2006-жылы 28-августта «Прикладдык математика жана программалоо» кафедрасында улук окутуучу болуп, 2007-жылы 28-августтан баштап жогорку математика кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенип келүүдө.
Абдукаимова А.Ж.- окутуучу 2002-2007-жылы ОшМУнун «КМИ» адистигин аяктаган. 2006-жылы жогорку математика кафедрасында лаборанты болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.
2007-жылы лаборант жана ошол эле мезгилде жарым ставка менен окутуучу болуп иштеген.
2008-жылдан баштап окутуучу болуп эмгектенип келүүдө.
Капазова Э.О.- улук лаборант 2005-2010-жылы ОшМУнун «Математика» адистигин аяктаган. 2010-жылдын 25-октябрынан баштап жогорку математика кафедрасынын лаборанты, а 1-февральнан - улук лаборант болуп эмгектенип келүүдө.
илимий эмгектери
Илимий-изилдөө иштери
Жогорку математика окутулуучу адистиктер
1. Англис тили
2. Котормо жана котормо таануу
3. Дарылоо иши
4. Педиатрия
5. Стоматология
6. Фармация
7. Музыкалык билим берїї
8. Кыргыз тили жана адабияты
9. Лингивистика
10. Єзбек тили жана адабияты
11. Орус тили жана адабияты
12. Тарых
13. Социалдык иштер
14. Юриспрудения
15. Бажы иши
16. Теология
17. Журналистика
18. Социалдык иштер
19. Кытай тили
20. Котормо жана котормо таануу
21. Аймак таануу
22. Эл аралык мамилелер
23. Биология
24. География
25. Химия
26. Химия-Биология
27. Геодезия
28. Менеджмент туризм
Сыйлыктары
Окуу-усулдук колдонмо
Окуу-усулдук иштер
Кафедрада үч багыт боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө:
1). «Сызыктуу группалардын комбинатордук теориясы».
2). «Дифференциалдык жана интегралдык-дифференциалдык теңдемелердин түз жана тескери маселелери»,
3). «Жогорку окуу жайларда математиканы окутуунун методикасы».
Кафедра башчысы Ж.С.Сатаров алгебра боюнча Кыргызстанда биринчи болуп 1998-жылы Красноярск университетинде (Россия Федерациясы) 01.01.06-математикалык логика, алгебра жана сандар теориясы адистиги боюнча «Сызыктуу группалардагы түзүүчү элементтер жана аныктоочу катыштар» деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Бүгүнкү күндө бул багыт боюнча алынган илимий жыйынтыктар «Сибирский математический журнал», «Математические заметки», «Известия вузов. Математика», «Математический сборник» сыяктуу журналдарда жарык көрүүдө.
Кафедранын окутуучуларынын илимий-изилдөө иштери боюнча алынган жыйынтыктары ОшМУдагы илимий конференцияларда, 2011-жылдын 13-16-сентябрында Бишкек шаарында “Математикадагы асипмптотикалык, топологиялык жана компьютердик методдор” аттуу IV эл аралык илимий конференцияларда доклад кылынды. Кафедранын улук окутуучусу У.А.Сопуев 2008-жылы ОшМУнун алдында ачылган Диссертациялык Кеңеште 01.01.02 – дифференциалдык теңдемелер адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Кафедра окутуучулары тарабынан 130дан ашуун илимий эмгектер,алардын ичинен 10 дон ашуун окуу-методикалык колдонмолор жарык көргөн.
профориентациялык иштери
информациялык пакет
Байланыштары
Электрондук окуу колдонмолор
1. Мамаюсупов М.Ш., Барышникова Т.Л., Аттокурова А. Ж. Математиканы интерактивдүү ыкма менен окутуу маселелери ( окуу-методикалык китепче) - Ош: ЦП «Максимум», 2008.-94с
2. Мамаюсупов М.Ш. Жогорку математиканын сан моделдери – Ош: 2010-жыл
3. Мамаюсупов М.Ш. Жогорку математика боюнча окума(I бөлүк) – Ош: ЖЧ “Кагаз иштери”, 2011.
4. Мамаюсупов М.Ш. Жогорку математика боюнча окума (II бөлүк) – Ош: ЖЧ “Кагаз иштери”, 2012.
5. Мамаюсупов М.Ш., Аттокурова А.Ж., Садыков З Алгебра жана анализдин башталышы боюнча тесттерди чыгаруу (1-бөлүм) – Ош: «Book-дизайн», 2013
6. Сопуев У.А. Жогорку математика - Ош:Кагаз ресурстары,2014. - 170 б.
7. Мамаюсупов М.Ш. "Жашоонун формуласы"- Ош:ЖЧ "Кагаз иштери", 2011.
8. Кедейбаева Д.А. Математика (гуманитардык - коомдук профилдер үчүн окуу колдонмо)-Ош: ОшМУ, 2013. -100б
9. Абдрасулова С.Ж. Руководство к решениям примеро по высшей математике -Ош: 2009г.
материялдык-техникалык базасы